# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-августундагы № 509 "Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-августундагы № 509 "Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 509
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.08.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90175>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13803/edition/1121399/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90175.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-августундагы № 509 "Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (10.08.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90175

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 10-августу № 509 Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КАЛАТ:

1. Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, администрациялык ведомстволору, аткаруу бийлигинин башка органдары, мамлекеттик жергиликтүү администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Жобону жетекчиликке алышсын жана өздөрүнүн түзүмдүк бөлүкчөлөрүндө анын аткарылышын камсыз кылышсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
