# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы №502 ""Бишкек шаарында 2009-жылдын 12-майында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Талас областында картошканы кайра иштетүүчү кыргыз-индия заводун куруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы №502 ""Бишкек шаарында 2009-жылдын 12-майында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Талас областында картошканы кайра иштетүүчү кыргыз-индия заводун куруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 502
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.08.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90168>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13796/edition/438284/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90168.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.08.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы №502 ""Бишкек шаарында 2009-жылдын 12-майында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Талас областында картошканы кайра иштетүүчү кыргыз-индия заводун куруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому (05.08.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90168

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 5-августу № 502 "Бишкек шаарында 2009-жылдын 12-майында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Талас областында картошканы кайра иштетүүчү кыргыз-индия заводун куруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Бишкек шаарында 2009-жылдын 12-майында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Талас областында картошканы кайра иштетүүчү кыргыз-индия заводун куруу жөнүндө макулдашуунун 6-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Бишкек шаарында 2009-жылдын 12-майында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Талас областында картошканы кайра иштетүүчү кыргыз-индия заводун куруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

И.Чудинов

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бишкек шаарында 2009-жылдын 12-майында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Талас областында картошканы кайра иштетүүчү кыргыз-индия заводун куруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө

1-берене. Бишкек шаарында 2009-жылдын 12-майында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Талас областында картошканы кайра иштетүүчү кыргыз-индия заводун куруу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө индиялык тарапка билдирсин.

3-берене. Бул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
