Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Дин иштери боюнча ведомстволор аралык кеңешти Диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш кылып кайрадан түзүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 22 ноября 2024 года № 711 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-11-22.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 5-августу № 499 Дин иштери боюнча ведомстволор аралык кеңешти Диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш кылып кайрадан түзүү жөнүндө Диний экстремизмдин, фундаментализмдин жайылышын алдын алууда жана аларга каршы аракеттенүүдө, диний негиздеги чыр-чатактарга жол бербөөдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын макулдашылган аракеттерин камсыз кылуу жана ишин координациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дин иштери боюнча ведомстволор аралык кеңеш Диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш болуп кайрадан түзүлсүн.
2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобо;
- Диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңештин курамы.
3. Диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңештин өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында кабыл алган чечимдери министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылаары белгиленсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-июлундагы № 404 "Дин иштери боюнча ведомстволор аралык кеңештин курамы жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-февралындагы № 115 "Дин иштери боюнча ведомстволор аралык кеңеш жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 4-декабрындагы № 571 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-февралындагы № 115 "Дин иштери боюнча ведомстволор аралык кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтому.
Премьер-министр
И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 499 токтому менен бекитилген
Диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңештин КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Координациялык кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орунбасары - Координациялык кеңештин төрагасынын орунбасары; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орунбасары - Координациялык кеңештин төрагасынын орунбасары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору - Координациялык кеңештин төрагасынын орунбасары.
Координациялык кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орунбасары; Кыргыз Республикасынын финансы министринин орунбасары; Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орунбасары; Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орунбасары; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орунбасары; Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орунбасары; Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министринин орунбасары; Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын төрагасынын орунбасары; Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча); Ош шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча); Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орунбасары; Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орунбасары; Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орунбасары; Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары; Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орунбасары; Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орунбасары; Талас облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орунбасары; Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи (макулдашуу боюнча); Орус православ чиркөөсүнүн Бишкек жана Орто-Азия боюнча епархиалдык башкармалыгынын өкүлү (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (8)
- Диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө ЖОБО (КР Өкмөтүнүн2009-жылдын 5-августундагы№ 499 токтому менен бекитилген)Положение · 05.08.2009
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-сентябрындагы № 524 "Дин иштери боюнча ведомстволор аралык кеңешти Диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш кылып кайрадан…Постановление · 24.09.2013 · № 524
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.03.2016 · № 104
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 22.11.2024 · № 711
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-февралындагы № 115 "Дин иштери боюнча ведомстволор аралык кеңеш жөнүндө" токтомуПостановление · 21.02.2006 · № 115 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 31 июля 2001 года №404 "О составе Межведомственного совета по делам религий"Постановление · 31.07.2001 · № 404 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 104-токтомуПостановление · 03.03.2016 · № 104
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 4-декабрындагы № 571 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-февралындагы "Дин иштери боюнча ведомстволор аралык кеңеш…Постановление · 04.12.2007 · № 571 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 22.11.2024 · № 711
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-февралындагы № 115 "Дин иштери боюнча ведомстволор аралык кеңеш жөнүндө" токтомуПостановление · 21.02.2006 · № 115 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 31 июля 2001 года №404 "О составе Межведомственного совета по делам религий"Постановление · 31.07.2001 · № 404 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 4-декабрындагы № 571 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-февралындагы "Дин иштери боюнча ведомстволор аралык кеңеш…Постановление · 04.12.2007 · № 571 · Күчүн жоготкон
6 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.