# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы №498 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 16-январындагы № 14 "Республиканын граждандарынын айрым категорияларына жалпы пайдалануудагы жүргүнчүлөр транспортунда жүрүүгө берилген жеңилдиктерди алып салуу жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы №498 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 16-январындагы № 14 "Республиканын граждандарынын айрым категорияларына жалпы пайдалануудагы жүргүнчүлөр транспортунда жүрүүгө берилген жеңилдиктерди алып салуу жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 498
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.08.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90164>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13792/edition/438199/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90164.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.08.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы №498 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 16-январындагы № 14 "Республиканын граждандарынын айрым категорияларына жалпы пайдалануудагы жүргүнчүлөр транспортунда жүрүүгө берилген жеңилдиктерди алып салуу жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (05.08.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90164

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 5-августу № 498 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 16-январындагы № 14 "Республиканын граждандарынын айрым категорияларына жалпы пайдалануудагы жүргүнчүлөр транспортунда жүрүүгө берилген жеңилдиктерди алып салуу жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу системасынын органдары менен мекемелеринин кызматкерлерин социалдык жактан коргоо жана "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесинде белгиленген жеңилдиктерди берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 16-январындагы №14 "Республиканын граждандарынын айрым категорияларына жалпы пайдалануудагы жүргүнчүлөр транспортунда жүрүүгө берилген жеңилдиктерди алып салуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- 2-пункттун экинчи абзацы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги," деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жазык-аткаруу системасынын органдары менен мекемелеринин кызматкерлерине карата," деген сөздөр менен толукталсын;

- аталган токтомдун тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:

"

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу системасынын органдары менен мекемелеринин кызматкерлери

Шаардык жүргүнчүлөр транспортунун бардык түрлөрүндө(таксиден башка) жана айыл жериндеги автомобиль транспортунда

Дайыма

".

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте жүргүнчүлөр билеттерин сатып алуу жолу менен жазык-аткаруу системасынын кызматкерлеринин жеңилдиктүү жүрүүсүн камсыз кылуу механизмин иштеп чыксын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
