# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы №493 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы №493 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 493
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90159>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13787/edition/859009/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90159.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы №493 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (18.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90159

---

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 816 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 5-августу №493 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Нормативдик укуктук актыларды "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 25-майындагы №295 "Айлана-чөйрөнү коргоого, табигый ресурстарды рационалдуу пайдаланууга жана Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун камсыздоого мамлекеттик көзөмөл жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Айлана-чөйрөнү коргоого, табигый ресурстарды рационалдуу пайдаланууга жана Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун камсыздоого мамлекеттик көзөмөл жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

13-пункттун бешинчи абзацындагы "кызматтык күбөлүгүн көрсөткөндөн кийин сутканын кандай гана убагында болбосун тоскоолдуксуз" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 17-пунктта:

"а" пунктчасындагы "кызматтык күбөлүгүн көрсөткөндөн кийин белгиленген тартипте тоскоолдуксуз кирүүгө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- "б" жана "в" пунктчалары "текшерет" деген сөздөн мурда "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте" деген сөздөр менен толукталсын.

2. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы N 788 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

И.Чудинов
