# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-июлундагы №487 ""Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Реснубликасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-июлундагы №487 ""Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Реснубликасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 487
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.07.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90153>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13781/edition/1156652/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90153.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-июлундагы №487 ""Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Реснубликасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому (30.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90153

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 30-июлу № 487 "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Реснубликасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директору (макулдашуу боюнча) аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

И.Чудинов

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене. "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-жыл, №4, 195-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 14-беренеде:

- 1-пункттагы "Шаарда, айыл жергесинде жана башка аймактарда жарнакты таратуу" деген сөздөр "Шаарларда, айыл округдарында жана башка аймактарда жарнакты жайгаштыруу" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 2-пункттагы "Шаарда, айыл жергесинде жана башка аймактарда сырткы жарнакты таратууга" деген сөздөр "Шаарларда, айыл округдарында жана башка аймактарда сырткы жарнакты жайгаштыруу" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 24-берене "аймактык органдарынын" деген сөздөрдөн кийин "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөө органдарынын" деген сөздөр менен толукталсын.

2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
