# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-июлундагы № 476 "Чакан гидроэлектростанцияларды куруу, кабыл алуу жана электр тармактарына технологиялык кошуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-июлундагы № 476 "Чакан гидроэлектростанцияларды куруу, кабыл алуу жана электр тармактарына технологиялык кошуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 476
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.04.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90142>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13772/edition/1002465/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90142.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.04.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-июлундагы № 476 "Чакан гидроэлектростанцияларды куруу, кабыл алуу жана электр тармактарына технологиялык кошуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" (09.04.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90142

---

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-апрелиндеги № 196 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 28-июлу № 476 Чакан гидроэлектростанцияларды куруу, кабыл алуу жана электр тармактарына технологиялык кошуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 14-октябрындагы №365 "Кыргыз Республикасында чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү боюнча конкреттүү чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чакан гидроэлектростанцияларды куруу, кабыл алуу жана электр тармактарына технологиялык кошуу тартиби жөнүндө тиркелген жобо (мындан ары - Жобо) бекитилсин.

2. Чакан гидроэлектростанциялдарды куруу, кабыл алуу жана электр тармактарына технологиялык кошуу компетенциясына кирген тиешелүү ыйгарым укуктуу органдар ушул Жобону бекем жетекчиликке алышсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги мурда кабыл алынган чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
