Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 22-апрелиндеги № 183 «Бишкек-Ош автомобиль жолундагы тоннель аркылуу транспорт каражаттарынын акы төлөп өтүүсүн уюштуруу жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 5 декабря 2023 года № 638 "Об утверждении размера и порядка уплаты сбора за проезд транспортных средств через тоннели на автомобильной дороге Бишкек-Ош"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-12-05.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 638 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 28-июлу № 475 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 22-апрелиндеги № 183 "Бишкек-Ош автомобиль жолундагы тоннель аркылуу транспорт каражаттарынын акы төлөп өтүүсүн уюштуруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Камбарата ГЭС-2нин курулушун аяктоо боюнча натыйжалуу ишти камсыз кылуу максатында, биринчи агрегатты 2009-жылдын аягына карай эксплуатациялоого киргизүү боюнча мөөнөттөрдүн жакындаганына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 22-апрелиндеги №183 "Бишкек-Ош автомобиль жолундагы тоннель аркылуу транспорт каражаттарынын акы төлөп өтүүсүн уюштуруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- преамбуладагы "15" сандары "21" сандарына алмаштырылсын;
- бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Бишкек-Ош автожолун реконструкциялоо жана эксплуатациялоо боюнча башкы дирекция" деген сөздөр "Бишкек-Ош автожолу мамлекеттик дирекциясы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1-пункттун төртүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-пунктта:
төртүнчү абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети" деген сөздөргө алмаштырылсын; сегизинчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу боюнча министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- Камбарата гидроэлектрстанция - 2нин курулушу үчүн арналган жүктөрдү ташуучу;
- "Электр станциялары", "Кыргызстандын улуттук электр тармактары", "Түндүк электр", "Ош электр", "Жалалабат электр" жана "Чыгыш электр" ачык акционердик коомдорунун электр энергетикалык ишканалары.";
- 5-пункттун үчүнчү абзацындагы "Мамлекеттик автомобиль инспекциясы башкармалыгы" деген сөздөр "Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 7-пункттагы "Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын башкармалыгы" деген сөздөр "Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жана курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Постановление Правительства КР от 22 апреля 1996 года №183 "Об организации платного проезда транспортных средств через тоннели на автомобильной дороге Бишкек-Ош"Постановление · 22.04.1996 · № 183 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 638 "Бишкек-Ош автомобиль жолундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымдын…Постановление · 05.12.2023 · № 638 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Постановление Правительства КР от 22 апреля 1996 года №183 "Об организации платного проезда транспортных средств через тоннели на автомобильной дороге Бишкек-Ош"Постановление · 22.04.1996 · № 183 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 638 "Бишкек-Ош автомобиль жолундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымдын…Постановление · 05.12.2023 · № 638 · Күчүн жоготкон