# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-июлундагы №471 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-апрелиндеги № 170 "Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизүү үчүн жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн сейрек кездешүүчү жана жоголуу коркунучунда турган түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-июлундагы №471 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-апрелиндеги № 170 "Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизүү үчүн жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн сейрек кездешүүчү жана жоголуу коркунучунда турган түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 471
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90138>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13768/edition/437876/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90138.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-июлундагы №471 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-апрелиндеги № 170 "Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизүү үчүн жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн сейрек кездешүүчү жана жоголуу коркунучунда турган түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (25.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90138

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 25-июлу № 471 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-апрелиндеги № 170 "Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизүү үчүн жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн сейрек кездешүүчү жана жоголуу коркунучунда турган түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-апрелиндеги № 170 "Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизүү үчүн жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн сейрек кездешүүчү жана жоголуу коркунучунда турган түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталган токтомдун № 1 тиркемесинде:

төмөнкүдөй мазмундагы 96-99-пункттар менен толукталсын: «

Фумариола түркүмү - Fumariaceae DC.

96.

Дымяночка туркестанс- кая

Fumariola turkesta№ica Korsh.

Түркстан фумариоласы

Кызгылт түстүүлөр түркүмү - Rosaceae Juss.

97.

Яблоня Сиверса

Malus sieversii (Ledeb.) M.Roem (hissarica S. Kudr., kirghisorum Al.Theod. et Fed., jusepczuki Vass.)

Кызыл алма

Чатырчалуулар түркүмү - Apiaceae Li№dl

98.

Жестковенечн ик пятирогий

Sclerotiaria pe№taceros (Korov.) Korov.

Беш мүйүздүү склеротиария

Ийинчилер түркүмү - Scrophulariaceae

99.

Наталиелла алайская

№athaliella alaica B. Fedtsch.

Алай наталиелласы

»; 3, 4, 10, 23, 35, 46, 53, 60, 80, 88, 94 жана 95-пункттар алып салынсын;

- аталган токтомдун № 3 тиркемесинде:

төмөнкүдөй мазмундагы 54-59-пункттар менен толукталсын: «

54.

Малый баклан

Phalacrocorax pygmaeus (Pallas, 1773)

Кидик караказ

55.

Степной лунь

Circus macrouras (S.G. Gmeli№, 1771)

Кубарган кулаалы

56.

Большой подорлик

Aquila cla№ga Pallas, 1811

Чаар бүркүт

57.

Коростель

Crex crex (Li№№aeus, 1758)

Кадимки тарталтоок

58.

Тонкоклювый кроншнеп

№ume№ius te№uirostris Vieillot, 1817

Ичкетумшуктуу төөчулдук

59.

Степная тиркушка

Glareola №ordma№№i J.G. Fischer, 1842

Караканатту у ачачулдук

»; 3 жана 34-пункттар алып салынсын;

- аталган токтомдун № 2 тиркемесиндеги 9, 13 жана 23-пункттар алып салынсын.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1979-жылдын 18-майындагы № 261 "Кыргыз ССР сейрек кездешүүчү жана жоголуп кетүү коркунучу алдында турган жаныбарлары менен өсүмдүктөрүнүн түрлөрүнүн китебин уюштуруу жөнүндө" токтому - "Кыргыз ССРинин Кызыл китеби";

- Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1981-жылдын 13-апрелиндеги № 181 "Кыргыз ССР Кызыл китебине" киргизилүүгө жаткан сейрек кездешүүчү жана жоголуп кетүү коркунучу алдында турган жаныбарлар жана өсүмдүктөр түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1984-жылдын 5-октябрындагы № 505 "Өзгөчө кайтарылуучу жаратылыш аймактарын андан ары өнүктүрүү жана Кыргыз ССРинин Кызыл китебине киргизилген жаныбарлар жана өсүмдүктөр түрлөрүн коргоону камсыз кылуу жана көбөйтүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун № 3 жана 4 тиркемелери.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
