# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-июлундагы №468 ""Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 147 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-июлундагы №468 ""Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 147 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 468
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.11.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90136>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13766/edition/595239/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90136.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.11.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-июлундагы №468 ""Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 147 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому (18.11.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90136

---

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-ноябрындагы № 656 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2009-жылдын 22-июлу №468 "Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 147 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө Товардык кредитти айылдык товар өндүрүүчүлөргө оперативдүү бөлүштүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 147 токтому менен бекитилген Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

- 4.3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"4.3. Товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча республикалык мамлекеттик комиссия Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин сунуштарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бөлүштүрүлүүчү айыл чарба техникасын кошпогондо товардык кредиттерди облустар боюнча бөлүштүрөт.";

- 4.8-пункт "ресурстардын калдыктарын" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин сунушу боюнча гана кайра бөлүштүрүлүүчү кылкандуу дандын суперэлита жана элита, ошондой эле башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүнүн сортун жаңыртуу жана сортун алмаштыруу максатында республиканын үрөнчүлүк чарбаларына бөлүнгөндөрдү кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.

2. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

И.Чудинов
