# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-июлундагы №456 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медицина-техникалык борборун түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-июлундагы №456 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медицина-техникалык борборун түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 456
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.07.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90125>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13755/edition/437645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90125.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-июлундагы №456 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медицина-техникалык борборун түзүү жөнүндө" токтому (15.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90125

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 16-июлу № 456 Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медицина-техникалык борборун түзүү жөнүндө Саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык техникасын техникалык тейлөө жана ремонттоо системасын андан ары өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдында Медицина-техникалык борбор түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медицина-техникалык борбор (мындан ары - Борбор) жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Борборду юстиция органдарында мамлекеттик каттоону белгиленген тартипте жүргүзсүн жана ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-февралындагы № 93 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маселелери" жөнүндө токтомго төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине түздөн-түз баш ийген, аталган токтом менен бекитилген саламаттык сактоо уюмдарынын жана мекемелеринин тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медицина-техникалык борбор".

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
