Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медицина-техникалык борборун түзүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 16-июлу № 456 Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медицина-техникалык борборун түзүү жөнүндө Саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык техникасын техникалык тейлөө жана ремонттоо системасын андан ары өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдында Медицина-техникалык борбор түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медицина-техникалык борбор (мындан ары - Борбор) жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Борборду юстиция органдарында мамлекеттик каттоону белгиленген тартипте жүргүзсүн жана ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-февралындагы № 93 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маселелери" жөнүндө токтомго төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине түздөн-түз баш ийген, аталган токтом менен бекитилген саламаттык сактоо уюмдарынын жана мекемелеринин тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медицина-техникалык борбор".
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-июлундагы №456 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медицина-техникалык борбор жөнүндө" жобосуПоложение · 15.07.2009 · № 456
- "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медицина-техникалык борбор жөнүндө ЖОБО" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-июлундагы № 456…Положение · 16.07.2009 · № 456 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-февралындагы № 93 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маселелери" токтомуПостановление · 13.02.2006 · № 93
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 16-июлу № 456 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медицина-техникалык борборун түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.07.2009 · № 456 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабры № 730 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө"Постановление · 04.12.2009 · № 730 · Күчүн жоготкон