# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-июлундагы №453 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралындагы № 103 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-июлундагы №453 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралындагы № 103 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 453
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.07.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90123>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13753/edition/437619/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90123.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-июлундагы №453 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралындагы № 103 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (15.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90123

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2009-жылдын 15-июлу №453 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралындагы № 103 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралындагы №103 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестрин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестрине төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик" деген бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын: "

5

Токой билети

Кыргыз Республикасынын Токой кодекси

".

2. Бул токтом 2009-жылдын 16-июнунан тартып күчүнө кирет.

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

Премьер-министр

И.Чудинов
