# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-июлундагы №448 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-июнундагы №351 "2009-2010-окуу жылына адистиктердин тизмесин жана мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде билим алуучуларды кабыл алуу көлөмүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-июлундагы №448 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-июнундагы №351 "2009-2010-окуу жылына адистиктердин тизмесин жана мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде билим алуучуларды кабыл алуу көлөмүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 448
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.07.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90118>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13748/edition/1156640/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90118.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-июлундагы №448 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-июнундагы №351 "2009-2010-окуу жылына адистиктердин тизмесин жана мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде билим алуучуларды кабыл алуу көлөмүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (10.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90118

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 10-июлу №448 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-июнундагы №351 "2009-2010-окуу жылына адистиктердин тизмесин жана мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде билим алуучуларды кабыл алуу көлөмүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-июнундагы №351 "2009-2010-окуу жылына адистиктердин тизмесин жана мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде билим алуучуларды кабыл алуу көлөмүн бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2009-2010-окуу жылына адистиктердин тизмесине жана мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде билим алуучуларды кабыл алуу көлөмүнө төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- "Саламаттык сактоо" бөлүмү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"

Саламаттык сактоо

530001

Дарылоо иштери

155

530002

Педиатрия

40

530003

Медициналык алдын алуу иштери

20

530006

Сестралык иштер

10

Бардыгы:

225

".

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги медициналык кадрларды даярдоочу Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна карата мамлекеттик билим берүү гранттары боюнча 2009-2010-окуу жылына кабыл алуу планын бекитишсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
