# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-июлундагы № 440 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-июлундагы № 440 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 440
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90110>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13740/edition/437345/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90110.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-июлундагы № 440 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (22.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90110

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 9-июлу № 440 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун натыйжалуу иштешин жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- преамбуладагы ", "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" деген сөздөр алып салынсын;" деген сөздөр алып салынсын;

- 2-пункттагы "жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин", "жана экологиялык" деген сөздөр алып салынсын;

- 4-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин" деген сөздөр алып салынсын;

- аталган токтомдун № 6 тиркемесинде "Экологиялык" деген графа алып салынсын;

- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттор жөнүндө жободо:

1.2-пункттагы "курчап турган чөйрөнү коргоо," деген сөздөр алып салынсын;

1.4-пункттагы "курчап турган чөйрөнү коргоо,", "экологиялык," деген сөздөр алып салынсын;

1.5-пункттун алтынчы абзацы алып салынсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
