# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-июлундагы №439 ""Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана шайкеш келтирүү боюнча эл аралык конвенцияга (Киото конвенциясы) Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кайра сурап алуу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-июлундагы №439 ""Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана шайкеш келтирүү боюнча эл аралык конвенцияга (Киото конвенциясы) Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кайра сурап алуу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 439
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.07.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90109>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13739/edition/1156636/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90109.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-июлундагы №439 ""Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана шайкеш келтирүү боюнча эл аралык конвенцияга (Киото конвенциясы) Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кайра сурап алуу тууралуу" токтому (09.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90109

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 9-июлу № 439 "Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана шайкеш келтирүү боюнча эл аралык конвенцияга (Киото конвенциясы) Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кайра сурап алуу тууралуу "Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана шайкеш келтирүү боюнча эл аралык конвенцияга (Киото конвенциясы) Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кошумча иштеп чыгуу зарылдыгына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 32-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 220 токтомуна ылайык жиберилген "Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана шайкеш келтирүү боюнча эл аралык конвенцияга (Киото конвенциясы) Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен кайра сурап алынсын.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 220 "Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана шайкеш келтирүү жөнүндө эл аралык конвенцияга (Киото конвенциясы) Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

Премьер-министр

И.Чудинов
