# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-июлундагы №435 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 "Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-июлундагы №435 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 "Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 435
- Кабыл алынган күнү: 06.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90105>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13735/edition/816583/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90105.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-июлундагы №435 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 "Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (23.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90105

---

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 6-июлу № 435 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 "Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Дүйнөлүк автоөндүрүүчүлөрдүн дилерлери жана дистрибьютерлери жүргүзгөн легалдуу ишкерликти кеңейтүү жана транспорт каражаттарын тариздөөгө 5 проценттик жыйым алууну жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы №65 "Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:

- аталган токтом менен бекитилген Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясында каттоо эрежелеринде:

15-пункттун "ж)" пунктчасында:

- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"ж) жасап чыгаруучу уюм, расмий өкүл (дистрибьютер, дилер), жасап чыгаруучу завод, соода уюму, ишкер берген маалымдама-эсепти, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттерден жана үчүнчү өлкөлөрдөн республикага алып келинген автотранспорт каражаттарынан башка биржалык бүтүмдөр боюнча сатуу-сатып алуу келишимин же транспорт каражатына, номерлүү агрегатка менчик укугун күбөлөндүргөн башка документти."; төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "жасап чыгаруучу заводдун расмий өкүлү (дистрибьютер, дилер) болуп жасап чыгаруучу завод (анын соода үйү) менен дистрибьютердик же дилерлик макулдашуусу (контракт же ниеттер протоколу), ырастоо-каты же дистрибьютердин же дилердин өндүрүүчү тарабынан берилген статусун күбөлөндүрүүчү сертификаты бар соода уюму эсептелет."; 46-пункт төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын: "- жасап чыгаруучу заводдун расмий өкүлдөрүнөн (дистрибьютерден же дилерден) сатып алынган автотранспорт каражаттары ушул Эрежелердин 15-пунктунун ж) пунктчасынын экинчи абзацына ылайык.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

И.Чудинов
