Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 „Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства Кыргызской Республики от 23 июня 2017 года № 407 "О вопросах регистрации транспортных средств, установок и оборудования"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-06-23.
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 6-июлу № 435 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 "Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Дүйнөлүк автоөндүрүүчүлөрдүн дилерлери жана дистрибьютерлери жүргүзгөн легалдуу ишкерликти кеңейтүү жана транспорт каражаттарын тариздөөгө 5 проценттик жыйым алууну жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы №65 "Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
- аталган токтом менен бекитилген Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясында каттоо эрежелеринде:
15-пункттун "ж)" пунктчасында:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"ж) жасап чыгаруучу уюм, расмий өкүл (дистрибьютер, дилер), жасап чыгаруучу завод, соода уюму, ишкер берген маалымдама-эсепти, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттерден жана үчүнчү өлкөлөрдөн республикага алып келинген автотранспорт каражаттарынан башка биржалык бүтүмдөр боюнча сатуу-сатып алуу келишимин же транспорт каражатына, номерлүү агрегатка менчик укугун күбөлөндүргөн башка документти."; төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "жасап чыгаруучу заводдун расмий өкүлү (дистрибьютер, дилер) болуп жасап чыгаруучу завод (анын соода үйү) менен дистрибьютердик же дилерлик макулдашуусу (контракт же ниеттер протоколу), ырастоо-каты же дистрибьютердин же дилердин өндүрүүчү тарабынан берилген статусун күбөлөндүрүүчү сертификаты бар соода уюму эсептелет."; 46-пункт төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын: "- жасап чыгаруучу заводдун расмий өкүлдөрүнөн (дистрибьютерден же дилерден) сатып алынган автотранспорт каражаттары ушул Эрежелердин 15-пунктунун ж) пунктчасынын экинчи абзацына ылайык.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-июлундагы №436 "2009-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын жерлерин мамлекеттик эсепке алуунун жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 06.07.2009 · № 436
- Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында каттоо ЭРЕЖЕЛЕРИ( КРӨкмөтүнүн…Правила · 15.02.2003 · № 65 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 23.06.2017 · № 407 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы №407 токтомуПостановление · 23.06.2017 · № 407
Шилтеме берет (2)
- Постановление Правительства КР от 15 февраля 2003 года № 65 "Об утверждении Правил регистрации автомототранспортных средств и прицепов к ним в Государственной автомобильной…Постановление · 15.02.2003 · № 65 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 23.06.2017 · № 407 · Күчүн жоготкон