# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-июлундагы №432 "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик болжолдорун иштеп чыгуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-июлундагы №432 "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик болжолдорун иштеп чыгуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 432
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.11.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90101>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13732/edition/437212/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90101.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-июлундагы №432 "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик болжолдорун иштеп чыгуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (11.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90101

---

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2009-жылдын 4-июлу №432 Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик болжолдорун иштеп чыгуу тартибин бекитүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик болжолдорун иштеп чыгуу тартиби (мындан ары Тартип) бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана аткаруу бийлигинин башка органдары социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн тиешелүү болжолдорун иштеп чыгууда ушул Тартипти жетекчиликке алышсын.

3. Уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү 30 проценттен ашыгын түзгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, илимий-билим берүү уюмдарына жана мекемелерине, мамлекеттик ишканаларга, чарбакер субъекттерге социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолдорун иштеп чыгууда ушул Тартипти жетекчиликке алуу сунушталсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

И.Чудинов
