# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-июлундагы №431 "2009-2011-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-июлундагы №431 "2009-2011-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 431
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.01.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90100>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13731/edition/1265170/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90100.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.01.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-июлундагы №431 "2009-2011-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу жөнүндө" токтому (25.01.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90100

---

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы №55 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 4-июлу №431 2009-2011-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 31-мартындагы №183 "2009-2011-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясы жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, аткаруу бийлигинин башка органдары квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигине 2009-2011-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясына Иш-чаралар планын (мындан ары Иш-чаралар планы) ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жалпылоо үчүн отчет берип турушсун.

2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган отчет берип турсун.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 30унан кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган отчет берип турсун.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 29-июнундагы № 252 "2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын жүзөгө ашыруу жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

И.Чудинов
