# 5-статья. Жекече турак жай курулушуна жер участогун бөлүү

- Документ: [Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/901)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1991-жылдын 21-декабрындагы № 689-XII "Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 689-XII
- Кабыл алынган күнү: 21.12.1991
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/901/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-859/edition/948629/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/901/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө, 5-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/901/st-5

---

Жер участокторун бөлүү жана жекече турак үйлөрдү жайгаштыруу мыйзамдарда белгиленген тартипте бекитилген калктуу пункттардын башкы пландарына, деталдык пландаштыруу долбоорлоруна ылайык жүзөгө ашырылат. Жекече турак жай курулушуна жер участкаларын бөлүүнүн тартиби ушул закон жана Кыргыз Республикасынын башка закон актылары менен аныкталат. Жекече турак жай курулушуна жер участкаларын берүү жана анын өлчөмдөрү жөнүндө чечим көрсөтүлгөн жерлер карамагында турган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынат. Граждандардын жеке менчигинде турак үй, квартирасы, же болбосо жалдоо келишими боюнча мамлекеттик жана коомдук турак жай фондусунун үйлөрүндө квартиралары болушу, аларга жер участкасын бөлүп берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналбайт.

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/901/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/901/st-6)
