# 25-статья. Жер титирөөдөн жана башка табият кырсыктарынан келтирилген зыяндын ордун толтуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/901)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1991-жылдын 21-декабрындагы № 689-XII "Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 689-XII
- Кабыл алынган күнү: 21.12.1991
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/901/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-859/edition/948629/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/901/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө, 25-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/901/st-25

---

Жер титиреп, суу ташкындап, жер көчүп жана башка табият кырсыктары болгон учурда жекече турак үйлөргө келтирилген зыян камсыздандыруу кампаниялары тарабынан граждандарга өндүрүлүп берилет. Жер титирөөдөн келтирилген зыянды өндүрүү имарат долбоорго ылайык курулгандыгы жана сейсмикалык туруктуулуктун талаптарына жооп бере тургандыгы аныкталганда гана ишке ашырылат. Зыяндын өлчөмү жана аны өндүрүүнүн тартиби жекече турак үйдү менчиктөөчүлөр менен келишимдин негизинде камсыздандыруу кампаниялары тарабынан аныкталат.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев

---

Мурунку берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/901/st-24)
