# 21-статья. Пайдаланууга киргизилүүчү жекече турак үйдүн ылайыктуулугун баалоо

- Документ: [Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/901)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1991-жылдын 21-декабрындагы № 689-XII "Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 689-XII
- Кабыл алынган күнү: 21.12.1991
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 мая 2019 года № 66 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере строительства"](https://aqlex.ai/kg/doc/111913)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.05.2019 [Закон КР от 18 мая 2019 года № 66 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере строительства"](https://aqlex.ai/kg/doc/111913); 13.12.2011 [Закон КР от 13 декабря 2011 года № 236 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об индивидуальном жилищном строительстве в Республике Кыргызстан""](https://aqlex.ai/kg/doc/203480)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/901#diff=948632..948633>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/901/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-859/edition/948629/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/901/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө, 21-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/901/st-21

---

(Статьянын аталышы КР 2019-жылдын 18-майындагы N 66 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Пайдаланууга киргизилүүчү жекече турак үйдүн ылайыктуулугун баалоо ыктыярдуу негизде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жүзөгө ашырылат. Эгерде ылайыктуулугун баалоо жүргүзүлбөсө , жекече турак үйдү пайдаланууга берүү менчик ээси тарабынан өз алдынча жүзөгө ашырылат, мында объекттин коопсуздук талаптарына ылайыктуулугу үчүн жоопкерчиликти менчик ээси тартат. Объекттин менчик ээси жекече турак үй курулуп бүткөн күндөн тартып бир айдын ичинде архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга объекттин техникалык уруксат регламенттердин талаптарына жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайыктуулугу жөнүндө кабарландыруу жөнөтүүгө. Объект келишимдин негизинде курулганда кабарландырууга объекттин мыйзам талаптарына ылайыктуулугун жана менчик ээси аны кабыл алганын ырастаган объекттин менчик ээси менен подряддык курулуш уюмунун ортосундагы объектти кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын көчүрмөсү тиркелет. Архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кабарландырууну алганы жана тиешелүү реестрге ушул объект боюнча маалыматтарды киргизгени жөнүндө ырастоо берет. Белгиленген тартипти бузуу менен курулган объекттерди пайдаланууга берүүгө жол берилбейт. (КР 2011-жылдын 13-декабрындагы № 236, 2019-жылдын 18-майындагы N 66 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/901/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/901/st-22)
