# 18-статья. Жекече турак үйдү сапатсыз кургандыгы үчүн жоопкерчилик

- Документ: [Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/901)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1991-жылдын 21-декабрындагы № 689-XII "Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 689-XII
- Кабыл алынган күнү: 21.12.1991
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/901/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-859/edition/948629/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/901/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө, 18-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/901/st-18

---

Курулуш уюму тарабынан курулуш нормаларын жана эрежелерин бузуунун кесепетинен конструкциялардын формалары, үйдүн бөлүктөрү бузулушу байкалган жана мындан турак үйдү менчиктөөчүгө кыйла материалдык зыян келтирилген учурда уюм өз каражаттарынын эсебинен үйдүн бузулган бөлүгүн калыбына келтирүүгө милдеттүү. Турак үй пайдаланууга жарабай калгандыгы аныкталган учурдан аны менчиктөөчү курулуш уюмунан үйдүн сметалык толук наркын төлөп берүүнү талап кылууга укуктуу. Көрсөтүлгөн сумманы өндүрүп алуу сот тарабынан доо өндүрүшү тартибинде ишке ашырылат.

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/901/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/901/st-19)
