# 17-статья. Жаңыдан курулган жекече турак үйлөрдү пайдалануунун гарантиялык мөөнөттөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/901)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1991-жылдын 21-декабрындагы № 689-XII "Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 689-XII
- Кабыл алынган күнү: 21.12.1991
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 мая 2013 года № 79 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об индивидуальном жилищном строительстве в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/203887)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/901#diff=948631..948632>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/901/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-859/edition/948629/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/901/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө, 17-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/901/st-17

---

Өз ишин менчиктин ар кандай формасында же жеке адамдар тарабынан жүргүзүүчү курулуш уюмдары салган жекече турак үйлөргө - 24 айлык гарантиялык мөөнөт белгиленет, ал эми рулон материалдардан салынган үйлөр үчүн пайдаланууга тапшырылган күндөн тартып 18 айдан ашпаган гарантиялык мөөнөт белгиленет. Гарантиялык мөөнөттүн ичинде турак үйдүн менчиктөөчүсү кандайдыр бир кемтигин тапса, архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына адистерди чакырат, алар бул маселе боюнча негиздүү корутунду беришет. Корутундуну алган учурдан тартып 5 күндүн ичинде үйдү курган курулуш уюму же жеке адам тийиштүү кемтиктерин өз каражаттарынын эсебинен четтетүүгө милдеттүү. Кемтикти четтетүүдөн же сапатсыз материалдарды алмаштыруудан баш тартуу сотто же мамлекеттик арбитражда даттанылышы мүмкүн. (КР 2013-жылдын 24-майындагы №79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/901/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/901/st-18)
