# 1-статья. Кыргыз Республикасынын граждандарынын жекече турак жайга укугу

- Документ: [Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/901)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1991-жылдын 21-декабрындагы № 689-XII "Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 689-XII
- Кабыл алынган күнү: 21.12.1991
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/901/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-859/edition/948629/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/901/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө, 1-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/901/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык республиканын граждандары жекече турак жайга укуктуу. Бул укук мамлекет тарабынан жекече турак жай курулушун өнүктүрүүгө, колдонулуп жаткан жекече турак жай фондусун коргоого, ушул Закондун жана башка закон актыларынын негизинде жеке турак үйлөрдү курууга жер участкаларын адилеттик менен бөлүштүрүүгө көмөк көрсөтүү менен камсыз кылынат. Закондо каралган негизден жана тартиптен башка учурларда эч ким ээлеген турак үйүнөн чыгарылышы же жеке турак үйүн пайдалануу укугунун чектелиши мүмкүн эмес. Турак жай укуктарын ишке ашырууда анын максатына каршы аракеттенүүгө же башка граждандардын, ошондой эле мамлекеттик жана башка уюмдардын укуктарын бузууга жол берилбейт.

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/901/st-2)
