# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июлундагы №426 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-августундагы № 541 "Кыргыз Республикасында балдар эмгегинин маселелери боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июлундагы №426 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-августундагы № 541 "Кыргыз Республикасында балдар эмгегинин маселелери боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 426
- Кабыл алынган күнү: 03.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.07.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90095>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13726/edition/558127/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90095.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июлундагы №426 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-августундагы № 541 "Кыргыз Республикасында балдар эмгегинин маселелери боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"токтому (04.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90095

---

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июлундагы № 373 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 3-июлу № 426 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-августундагы № 541 "Кыргыз Республикасында балдар эмгегинин маселелери боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы № 20 токтому менен бекитилген 2008-2011-жылдарга Кыргыз Республикасында жашы жетелектердин эмгегинин эң оор түрлөрүн жоюу боюнча социалдык өнөктөрдүн аракеттеринин мамлекеттик программасына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-августуңдагы № 541 "Кыргыз Республикасында балдар эмгегинин маселелери боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында балдар эмгегинин маселелери боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобонун 4.3-пунктундагы "кварталында" деген сөз "жарым жылдыкта" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында балдар эмгегинин маселелери боюнча координациялык кеңештин курамы:

төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары"; төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары"; жыйырма экинчи-жыйырма төртүнчү абзацтардагы "Кыргызстандын иш берүүчүлөр конфедерациясы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын иш берүүчүлөрүнүн улуттук конфедерациясы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

Премьер-министр

И.Чудинов
