Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Женева шаарында 1970-жылдын 1-сентябрында түзүлгөн, Тез бузулуучу тамак-аш азыктарын эл аралык ташууларжөнүндө жана бул ташууларга арналган атайын транспорт каражаттары тууралуу макулдашууга (СПС) Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 28-январы №39 "Женева шаарында 1970-жылдын 1-сентябрында түзүлгөн, Тез бузулуучу тамак-аш азыктарын эл аралык ташууларжөнүндө жана бул ташууларга арналган атайын транспорт каражаттары тууралуу макулдашууга (СПС) Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Женева шаарында 1970-жылдын 1-сентябрында түзүлгөн, Тез бузулуучу тамак-аш азыктарын эл аралык ташуулар жөнүндө жана бул ташууларга арналган атайын транспорт каражаттары тууралуу макулдашууга (СПС) Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
Д.Үсөнов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Женева шаарында 1970-жылдын 1-сентябрында түзүлгөн, Тез бузулуучу тамак-аш азыктарын эл аралык ташуулар жөнүндө жана бул ташууларга арналган атайын транспорт каражаттары тууралуу макулдашууга (СПС) Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө
1-берене. Женева шаарында 1970-жылдын 1-сентябрында түзүлгөн, Тез бузулуучу тамак-аш азыктарын эл аралык ташуулар жөнүндө жана бул ташууларга арналган атайын транспорт каражаттары тууралуу макулдашууга (СПС) кошулсун. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги БУУнун Башкы катчысы болуп саналган депозитарийге кошулуу жөнүндө грамотаны депонирлесин. 3-берене. Бул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 10-июнундагы № 574-V "Женева шаарында 1970-жылдын 1-сентябрында түзүлгөн Тез бузулуучу тамак-аш азыктарын эл аралык ташуулар жөнүндө жана бул…Постановление · 10.06.2011 · № 574-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 10-июнундагы № 572-V "Женева шаарында 1970-жылдын 1-сентябрында түзүлгөн Тез бузулуучу тамак-аш азыктарын эл аралык ташуулар жөнүндө жана бул…Постановление · 10.06.2011 · № 572-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 10-июнундагы № 573-V "Женева шаарында 1970-жылдын 1-сентябрында түзүлгөн Тез бузулуучу тамак-аш азыктарын эл аралык ташуулар жөнүндө жана бул…Постановление · 10.06.2011 · № 573-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 12-мартындагы № 1726-IV "1970-жылдын 1-сентябрында Женева шаарында түзүлгөн тез бузулуучу тамак-аш азыктарын эл аралык ташуулар жөнүндө жана бул…Постановление · 12.03.2010 · № 1726-IV · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- "Кыргыз Республикасында техникалык шарттарды берүүнүн жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу тартибинин" эрежеси (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын…Правила · 10.02.2009 · № 100 · Күчүн жоготкон
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон