# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-июнундагы №419 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы №313 "Токой жана аңчылык чарбалардын, мамлекеттик коруктардын жана улуттук жаратылыштык парктардын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу"токтомуна

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-июнундагы №419 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы №313 "Токой жана аңчылык чарбалардын, мамлекеттик коруктардын жана улуттук жаратылыштык парктардын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу"токтомуна
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 419
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90089>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13721/edition/1156630/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90089.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-июнундагы №419 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы №313 "Токой жана аңчылык чарбалардын, мамлекеттик коруктардын жана улуттук жаратылыштык парктардын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу"токтомуна (27.06.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90089

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 27-июну № 419 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы № 313 "Токой жана аңчылык чарбалардын, мамлекеттик коруктардын жана улуттук жаратылыштык парктардын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы № 313 "Токой жана аңчылык чарбалардын, мамлекеттик коруктардын жана улуттук жаратылыштык парктардын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "2. Токой жана аңчылык чарбалардын, мамлекеттик коруктардын жана улуттук жаратылыштык парктардын кызматкерлери үчүн Бирдиктүү тарифтик торчонун биринчи разрядынын өлчөмү төмөнкүдөй белгиленсин:

- 2007-жылдын 1-июлунан тартып - 340 сом;

- 2008-жылдын 1-январынан тартып - 530 сом;

- 2009-жылдын 1-январынан тартып - 690 сом.".

Премьер-министр

И.Чудинов
