Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн ««Саркент» мамлекеттик жаратылыш паркын түзүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 27-июнундагы №415 «Саркент» мамлекеттик жаратылыш паркын түзүү жөнүндө «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесине, «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ажайып табигый комплекстерди жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоону, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан түрлөрүн коргоону, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тармагын кеңейтүүнү камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунда «Саркент» мамлекеттик жаратылыш паркын түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын сунушу кабыл алынсын.
2. «Саркент» мамлекеттик жаратылыш паркы юридикалык жактын статусунда Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунда түзүлсүн.
3. «Саркент» мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагынын жалпы аянты 40000 га өлчөмүндө аныкталсын.
4. Кайрадан түзүлгөн «Саркент» мамлекеттик жаратылыш паркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагына өткөрүп берилсин.
5. «Саркент» мамлекеттик жаратылыш паркына өткөрүп берилүүчү жерлердин экспликациясы жана «Саркент» мамлекеттик жаратылыш паркынын чек арасынын сүрөттөлүшү № 1 жана 2 тиркемелерге ылайык бекитилсин.
6. Бул токтомдун № 1 тиркемесинин 2-пунктунда аталган жерлер «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери» категориясына которулсун.
7. «Саркент» мамлекеттик жаратылыш паркынын директору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан эки жылдык мөөнөткө дайындалаары белгиленсин.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте:
- «Саркент» мамлекеттик жаратылыш паркы жөнүндө жобону иштеп чыксын жана бекитсин;
- кайрадан түзүлгөн «Саркент» мамлекеттик жаратылыш паркынын чыгымдарын каржылоону Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигине тиешелүү жылдын республикалык бюджетинде каралган каражаттардын чегинде жүргүзсүн.
9. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жерди-эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте киргизишсин жана кайрадан түзүлгөн «Саркент» мамлекеттик жаратылыш паркына кайтарымсыз негизде жерлерди бөлүп берүү боюнча материалдарды тариздешсин.
10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-июнундагы № 415 токтомуна № 1 тиркеме
«Саркент» мамлекеттик жаратылыш паркына өткөрүп берилүүчү жерлердин ЭКСПЛИКАЦИЯСЫ
№
Жерлердин категориясы
Жалпы аянты, га
Анын ичинде, га
токой аянттары
токойсуз аянттар
жайыттар
башка жерлер
1
Мамлекеттик токой фондусунун жерлеринен
29000
9491
7537
3238
8734
2
Мамлекеттик жер запасынын жерлеринен
11000
11000
Бардыгы:
40000
9491
7537
3238
19734
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси-министр
Н.Айтмурзаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-июнундагы № 415 токтомуна № 2 тиркеме
«Саркент» мамлекеттик жаратылыш паркынын чек арасынын СҮРӨТТӨЛҮШҮ Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн байырлап, өскөн жерлерин жана табигый калыбына келүүсүн сактоо, коргоо максатында «Саркент» мамлекеттик жаратылыш паркын түзүү үчүн 40000 га жер, анын ичинде 29000 га жер Лейлек токой чарбасынын жерлеринин бир бөлүгүнөн, 11000 га жер Мамлекеттик жер запасынын жерлеринин бир бөлүгүнөн бөлүп берилген. Бөлүнүп берилген жерлер Түркестан кырка тоосунун түштүк-батыш багытында Баткен облусунун Лейлек районунун аймагында жайгашкан. Чек аранын сүрөттөлүшү: А чекитинен Б чекитине чейин участоктун 35 километри Лейлек токой чарбасынын жерлери менен чектешет. Б чекитинен В чекитине чейин участоктун 7 километри Мамлекеттик жер запасынын жерлери менен чектешет. В чекитинен А чекитине чейин участоктун 62 километри Тажикстан Республикасынын жерлери менен чектешет. Чек аралардын аралыктары камералдык иштердин материалдары боюнча жана райондун 1:100000 масштабдагы картасы боюнча белгиленген.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 19.10.2005 · № 155 · Күчүн жоготкон
- Об особо охраняемых природных территорияхЗакон · 28.05.1994 · № 1561-XII · Күчүн жоготкон