Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Сурматаш мамлекеттик коругун түзүү жөнүндө»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 27-июну № 414 Сурматаш мамлекеттик коругун түзүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-декабрындагы № 822 токтомунун редакциясына ылайык) «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесине, «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ажайып табигый комплекстерди жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоону, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан түрлөрүн коргоону, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тармагын кеңейтүүнү камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сурматаш мамлекеттик жаратылыш коругу юридикалык жактын статусунда Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунда түзүлсүн.
2. Сурматаш мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагынын жалпы аянты 66194 га өлчөмүндө аныкталсын.
3. Кайрадан түзүлгөн Сурматаш мамлекеттик жаратылыш коругу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагына өткөрүп берилсин.
4. Сурматаш мамлекеттик жаратылыш коругуна өткөрүп берилүүчү жерлердин экспликациясы жана Сурматаш мамлекеттик жаратылыш коругунун чек арасынын сүрөттөлүшү № 1 жана 2 тиркемелерге ылайык бекитилсин.
5. Бул токтомдун № 1 тиркемесинин 2-пунктунда аталган жерлер "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына которулсун.
6. Сурматаш мамлекеттик жаратылыш коругунун директору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан эки жылдык мөөнөткө дайындалаары белгиленсин.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте:
- Сурматаш мамлекеттик жаратылыш коругу жөнүндө жобону иштеп чыксын жана бекитсин;
- кайрадан түзүлгөн Сурматаш жаратылыш мамлекеттик коругунун чыгымдарын каржылоону Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигине тиешелүү жылдын республикалык бюджетинде каралган каражаттардын чегинде жүргүзсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жерди-эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте киргизишсин жана кайрадан түзүлгөн Сурматаш мамлекеттик жаратылыш коругуна кайтарымсыз негизде жерлерди бөлүп берүү боюнча материалдарды тариздешсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И. Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-июнундагы № 414 токтомуна № 1 тиркеме
Сурматаш мамлекеттик жаратылыш коругуна өткөрүп берилүүчү жерлердин
ЭКСПЛИКАЦИЯСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-декабрындагы № 822 токтомунун редакциясына ылайык)
| Жер пай- дала-├───────┤барды- нуу- чу- лар- дын ата- лышы жана жер- лер- дин кате- го- рия- лары | Жалпы аянты ├──────┬────────────────────┤ жерлери анын ичинде ├──────┬──────┼──────┬─────── бардыгы | Жайыттар аянттары гы ├──────┬──────┬──────┤барды- | Айыл чарба кайрак суусуз жерлер | Токой барды- ургал- дуу пайда- лануу- дагы | анын жайкы | гы | гы ├──────┬ | ичинде токой- луу барды- гы | |
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
| 1. Үч -Кор- гон токой чар- басы- нын мам- ле- кет- тик токой фон- дусу- нун жер- лери- нен | 29416,0 | 3186,0 | 3186,0 | 3186,0 | 3186,0 | 3186,0 | 3186,0 | 3220,0 | 1790,0 |
| анын ичин- де Май- дан айыл окру- гунан | 11610,0 | 1669,0 | 1669,0 | 1669,0 | 1669,0 | 1669,0 | 1669,0 | 1919,0 | 1689,0 |
| Үч- Кор- гон айыл окру- гунан | 17806,0 | 1517,0 | 1517,0 | 1517,0 | 1517,0 | 1517,0 | 1517,0 | 1301,0 | 101,0 |
| 2. Мам- ле- кет- тик жер за- па- сын- дагы жер- лер- ден | 36778 | 6063,0 | 6063,0 | 6063,0 | 6063,0 | 6063,0 | 6063,0 | 3333,0 | 548,0 |
| анын ичин- де Май- дан айыл окру- гунан | 21585,0 | 5000,0 | 5000,0 | 5000,0 | 5000,0 | 5000,0 | 5000,0 | 1785,0 | 0,0 |
| Үч- Кор- гон айыл окру- гунан | 15193,0 | 1063,0 | 1063,0 | 1063,0 | 1063,0 | 1063,0 | 1063,0 | 1548,0 | 548,0 |
| ЖЫЙ- ЫНТЫ- ГЫ: | 66194,0 | 9249,0 | 9249,0 | 9249,0 | 9249,0 | 9249,0 | 9249,0 | 6553,0 | 2338,0 |
| МТФга кирбеген бак-бадал ├───────────┤көөл-├───────┬───────────────────┤ ───────┤ өсүмдүктөрү ├────────┬───────┼─────┬─────┤жана бардыгы ┬──────┤ токой- суз барды- гы | Суу баскан анын ичинде ├─────┬────┬────────┤ айыл- чарба | Өт- дөр бар- дыгы жерле- риндеги бак-ба- дал өсүм- дүктө- рү | Башка жерлер бардыгы суу- лар | анын ичинде жол- дор жана бу- лак- тар | жар- луу | мөң- гү- жер- лер | башка пайдала- лөр | нуудагы жерлер | |
| 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 |
| 1430,0 | 23010,0 | 23010,0 | |||||||
| 230,0 | 8022,0 | 8022,0 | |||||||
| 1200,0 | 14988,0 | 14988,0 | |||||||
| 2785,0 | 1185,0 | 1185,0 | 56,0 | 56,0 | 15,0 | 26126,0 | 45,0 | 17,0 | 26064,0 |
| 1785,0 | 500,0 | 500,0 | 6,0 | 6,0 | 15,0 | 14279,0 | 45,0 | 14234,0 | |
| 1000,0 | 685,0 | 685,0 | 50,0 | 50,0 | 11847,0 | 17,0 | 11830,0 | ||
| 4215,0 | 1185,0 | 1185,0 | 56,0 | 56,0 | 15,0 | 49136,0 | 45,0 | 17,0 | 49074,0 |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр
Н.Айтмурзаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-июнундагы № 414 токтомуна № 2 тиркеме
Сурматаш мамлекеттик жаратылыш коругунун чек арасынын
СҮРӨТТӨЛҮШҮ
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-декабрындагы № 822 токтомунун редакциясына ылайык) Коруктун жалпы аянты 66194,0 га жерди түзөт. Коруктун чек арасын сүрөттөп жазуу үчүн баштапкы зона катары 2300 м бийиктик белгиси аныкталып, Тегирмеч жана Исфайрам-Сай сууларынын кошулган жерине чейин, андан ары түштүк-чыгыш багытында Тегирмеч жана Исфайрам-Сай сууларынын ортосундагы кырка тоолор боюнча 4013 м бийиктик белгиси менен Дебет кырка тоосуна чейин келет. Андан ары чек ара тилкеси Дебет кырка тоосу боюнча түштүк-батыш багытында, Чоң-Дебет сууларынын кошулган жерлерине чейин өтөт. Андан ары чек ара Теңизбай суусу боюнча 3662 м белгисине чейин келип, мындан тоонун мизи боюнча 4060 м белгисине жана Кайыңды суусуна чейин келет, андан ары түндүк-батыш багытында Ош облусунун Чоң-Алай районунун чек арасына жана 4770 м белгисине чейин жетет. Андан ары Сурма-Таш суусунун башынан Арча-Конуш суусунун башына чейин келет. Чек ара түндүк-чыгыш бөлүгүндө 2000 м белгисинен башталып Шебе суусунун башына жана 4064 м белгисине чейин келет, андан ары Дебет кырка тоосу боюнча өтүп, баштапкы чекитке келип кошулат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр
Н.Айтмурзаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- РАСПОРЯЖЕНИЕ ПРАВИТЕЛЬСТВА КР от 19 декабря 2016 года N 549-р (Об одобрении Национального доклада о состоянии окружающей среды Кыргызской Республики за 2011-2014 годы)Распоряжение · 19.12.2016 · № 549-р
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-декабрындагы № 822 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.12.2012 · № 822
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-мартындагы №142 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдагы иши тууралуу отчетун жактыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 12.03.2010 · № 142 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндөЗакон · 03.05.2011 · № 18
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 7-августундагы № 553 "Кыргыз Республикасынын 2006-2011-жылдарда курчап турган чөйрөсүнүн абалы жөнүндө улуттук докладды жактыруу тууралуу" токтомуПостановление · 07.08.2012 · № 553 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 19.10.2005 · № 155 · Күчүн жоготкон