# КР УӨ 2010-жылдын 13-июлундагы №129 "2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана жобосун бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР УӨ 2010-жылдын 13-июлундагы №129 "2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана жобосун бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 13.07.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.05.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90083>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13715/edition/545863/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90083.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.05.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР УӨ 2010-жылдын 13-июлундагы №129 "2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана жобосун бекитүү жөнүндө" токтому (25.05.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90083

---

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-майындагы № 241 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 13-июлу УӨ № 129 2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана жобосун бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 230 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретине ылайык, 2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- 2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамы;

- 2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссия жөнүндө жобо.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:

- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-апрелиндеги № 9 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-майындагы № 44 "2010-жылдын 6-7-апрелинде жабыркагандарга социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссия түзүү жөнүндө" токтому.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине тапшырылсын.

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы

Р.Отунбаева

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-июлундагы № 129 токтому менен бекитилген

2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын

КУРАМЫ

(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 230 токтомунун редакциясына ылайык) Каптагаев Э.С. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администра- ция жетекчиси, комиссиянын төрагасы; Шайдиева К.Б. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-секретары; Мукашев К.Б. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социал- дык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин дирек- торунун орун басары; Сагынбаева Д.З. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо минист- рлигинин медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу башкармасынын начальниги; Бектуров А. - курман болгондун бир тууганы (макулдашуу боюнча); Сагынаев Т. - курман болгондун атасы (макулдашуу боюнча); Мамбетов М. - курман болгондун атасы (макулдашуу боюнча); Ыбыкеев А. - курман болгондун бир тууганы (макулдашуу боюн- ча); Бианки М. - курман болгондун бир тууганы (макулдашуу боюн- ча); Айдабосунова Н. - курман болгондун энеси, "Мекен шейиттери" коом- дук бирикмесинин өкүлү (макулдашуу боюнча); Абдиева К.З. - "Бириккен энелер" бирикмесинин төрагасы (макул- дашуу боюнча); Давлетбаев Т. - жабыркаган адам, "Айкөл-Алатоо" коомдук бирикме- синин төрагасы (макулдашуу боюнча); Жузубалиев Т. - жабыркаган адам (макулдашуу боюнча); Жанжигитов Б. - жабыркаган адам (макулдашуу боюнча); Тулеков С. - жабыркаган адам (макулдашуу боюнча).
