# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-июнундагы №409 "Мамлекеттик эмес эксперттик уюмду кыймылсыз мүлк объекттерин куруу үчүн долбоордук документтерге экспертиза жүргүзүүгө аттестациялоонун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-июнундагы №409 "Мамлекеттик эмес эксперттик уюмду кыймылсыз мүлк объекттерин куруу үчүн долбоордук документтерге экспертиза жүргүзүүгө аттестациялоонун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 409
- Кабыл алынган күнү: 25.06.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.06.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90079>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13711/edition/440098/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90079.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.06.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-июнундагы №409 "Мамлекеттик эмес эксперттик уюмду кыймылсыз мүлк объекттерин куруу үчүн долбоордук документтерге экспертиза жүргүзүүгө аттестациялоонун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтому (25.06.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90079

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 25-июну №409 Мамлекеттик эмес эксперттик уюмду кыймылсыз мүлк объекттерин куруу үчүн долбоордук документтерге экспертиза жүргүзүүгө аттестациялоонун эрежесин бекитүү жөнүндө Кыймылсыз мүлк объекттерин куруу үчүн долбоордук документтерге мамлекеттик эмес экспертиза жүргүзүү жагындагы ишти жөнгө салуучу нормативдик укуктук базаны өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыймылсыз мүлк объекттерин куруу үчүн долбоордук документтерге мамлекеттик эмес экспертиза жүргүзүүчү уюмдарды аттестациялоо боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик белгиленсин.

2. Мамлекеттик эмес эксперттик уюмду кыймылсыз мүлк объекттерин куруу үчүн долбоордук документтерге экспертиза жүргүзүүгө аттестациялоонун тиркелген эрежеси бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө тапшырылсын.

Премьер-министр

И.Чудинов
