# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №399 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №399 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 399
- Кабыл алынган күнү: 23.06.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90065>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13702/edition/1265375/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90065.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №399 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтому (23.06.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90065

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 23-июну №399 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө Нормативдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин чегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:

- "Кыргыз Республикасында Эркин экономикалык зоналарды өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу комиссия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 21-декабрындагы №558 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын 1-апрелиндеги "Ишкердик иштерди коргоо жана контролдоочу органдардын иштерин тартипке келтирүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 24-июнундагы №372 токтому;

- "1998-жылдын 13-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн заседаниесинде Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан коюлган Милдеттерди аткаруу боюнча иш-чараларды бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 13-майындагы №270 токтому;

- "Салыктык жеңилдиктерди берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 25-июнундагы №385 токтому;

- "2000-жылы жеке, чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 21-июнундагы №364 токтому;

- "Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча областтык мамлекеттик администрациялардын иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 6-сентябрындагы №551 токтому;

- "2001-2005-жылдарга Кыргыз Республикасында Чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү жана колдоо концепциясын жактыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 11-августундагы №424 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын бири-бирин кайталоочу контролдук функцияларын четтетүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 15-августундагы №446 токтому;

- "Кыргыз Республикасында ишкердикти өнүктүрүү үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 15-сентябрындагы Указын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 4-декабрындагы №753 токтому;

- "2001-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыктары жана Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев тарабынан 2002-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө коюлган милдеттерди жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 23-февралындагы №95 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 25-апрелиндеги "Инвестициялык жана башка ишкердикти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Указын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 31-майындагы №354 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы менен 2002-жылдын 10-июлундагы "Жаңы мейкиндиктер - жаңы милдеттер" деген кеңешмеде Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев тарабынан коюлган милдеттерди жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 6-августундагы №531 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 7-августундагы №537 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Ишкерликти өнүктүрүү боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 25-ноябрындагы Указын ишке ашыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 3-январындагы №2 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Президентинин "Инвестициялык жана башка "ишкердик ишаракеттерине колдоо көрсөтүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты андан ары өнүктүрүү чаралары жөнүндө" 2003-жылдын 3-сентябрындагы Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-сентябрындагы №595 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн баңгизаттарга контролдук кылуу маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 20-октябрындагы №661 токтомунун 6-пункту;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-июлундагы №500 токтомунун 2-пункту;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-сентябрындагы №595 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "Инвестициялык жана башка ишкердик иш аракеттерине колдоо көрсөтүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты андан ары өркүндөтүү чаралары жөнүндө" 2003-жылдын 3-сентябрындагы Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 10-июлундагы №521 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Президентинин "Инвестициялык жана башка ишкердик иш-аракеттерине колдоо көрсөтүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты андан ары өнүктүрүү чаралары жөнүндө" 2003-жылдын 3-сентябрындагы Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-сентябрындагы №595 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 23-июлундагы №549 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Президентинин "Инвестициялык жана башка ишкердик иш-аракеттерине колдоо көрсөтүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты андан ары өнүктүрүү чаралары жөнүндө" 2003-жылдын 3-сентябрындагы Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-сентябрындагы N 595 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 13-сентябрындагы №690 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Президентинин "Жагымдуу инвестициялык чөйрөнү түзүү жагындагы мамлекеттик саясат жөнүндө" 2004-жылдын 7-октябрындагы Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 24-ноябрындагы №854 токтому.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

И.Чудинов
