# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-июнундагы №392 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-июнундагы №392 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 392
- Кабыл алынган күнү: 22.06.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.06.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90058>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13695/edition/1265357/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90058.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.06.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-июнундагы №392 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому (22.06.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90058

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2009-жылдын 22-июну №392 Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министри

И.Чудинов

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2008-жылдын 22-октябры, N 78-81) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

1. 6-берененин 3-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

2. 8-берене төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:

"9. 2006-жылдын 1-январынан тартып 2009-жылдын 1-январына чейинки мезгилде пайда болгон жана 2009-жылдын 1-январына чейин колдонулган салык мыйзамдарына ылайык эсептен чыгарылбаган карыздык милдеттенмелер үчүн проценттер 2009-жыл үчүн пайдага салыкты эсептөөдө эсептен чыгарылууга тийиш.".

2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
