# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15 июнундагы №381 "Мамлекеттин менчигине айландырылган товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15 июнундагы №381 "Мамлекеттин менчигине айландырылган товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 381
- Кабыл алынган күнү: 15.06.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.06.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90047>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13687/edition/1265333/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90047.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.06.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15 июнундагы №381 "Мамлекеттин менчигине айландырылган товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө" токтому (15.06.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90047

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2009-жылдын 15-июну №381 Мамлекеттин менчигине айландырылган товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы №961 токтому менен бекитилген Бажы режимдерин колдонуу боюнча нускаманын 200-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети "Айчүрөк" борбордук универсалдуу дүкөнү" ачык акционердик коому тарабынан Кыргыз Республикасына алынып келген жана жүктүн бажылык №09801/09/3-3395 декларациясы боюнча мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы режиминде таризделген жарык-музыкалык фонтандын себилдегич бөлүктөрүн белгиленген тартипте Бишкек шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

И.Чудинов
