Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-06-16.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 13-июну № 375 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С. Исабеков демилге кылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр
И. Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-июнундагы № 375 токтому менен жактырылган
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С.Исабеков демилге кылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С. Исабеков демилге кылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт. Азыркы мезгилде табигый ресурстарды жана кендерди пайдаланууда жалпы улуттук экономикалык кызыкчылыктарды жергиликтүү калктын кызыкчылыктары менен оптималдаштыруу боюнча чаралар көрүлүүдө. Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 25-февралындагы № 85 «Кыргыз Республикасында жаратылышты коргоонун жана токой тармагын өнүктүрүүнүн жергиликтүү жана республикалык фонддору жөнүндө» Жарлыгы чыгарылган, ага ылайык кен казуучу компаниялар мыйзамдарда каралган салыктар жергиликтүү бюджеттерге түшүүсү үчүн өзү иштеген райондо каттоодон өтүүгө тийиш. Ошондой болсо да ушул Мыйзам долбоорунда сунуш кылынган салыктарды кайрадан бөлүштүрүү республиканын жалпы калкы үчүн салыкты бөлүштүрүүнүн адилеттүүлүк принцибин төмөнкүдөй себептер боюнча бузат:
1. Пайдалуу кендер жана башка табигый ресурстар мамлекеттик менчик болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын жалпы эли үчүн пайдаланылат. Кендерди пайдалануу системасында пайдалуу кендерди, өзгөчө ири, жалпы республикалык маанидеги кендерди чалгындоого жана казууга республикалык бюджеттин каражаттары, б.а. салык төлөөчүлөр катары республиканын бардык калкынын каражаттары инвестицияланган.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында пайдалуу кендер жана башка табигый ресурстар текши жайгашкан эмес жана аларды пайдалануудан түшкөн салыктар республиканын бардык калкынын жашоосун камсыз кылуу үчүн бөлүштүрүлөт. Ошондуктан алар Кыргыз Республикасынын өзүнчө административдик-аймактык бирдигинин экономикалык объекти катары каралбайт.
3. Жаратылышты пайдалануу үчүн төлөмдөр Кыргыз Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 21-июлундагы № 239 «Кыргыз Республикасында жаратылышты коргоонун жана токой тармагын өнүктүрүүнүн жергиликтүү жана республикалык фонддору жөнүндө» Жарлыгына ылайык түзүлгөн жаратылышты коргоонун республикалык жана жергиликтүү фонддорун түзүүнүн бир булагы болуп эсептелет.
Табигый ресурстарды жана кендерди пайдаланган конкреттүү ишкананын ишинин айынан бузулган экологиялык тең салмактуулукту калыбына келтирүү чектеш жаткан облустарды, райондорду же айылдарды да камтышы мүмкүн, демек, ушул каражаттарды ар кандай фонддорго ысыраптоо максатка ылайыксыз. Ошондуктан табигый ресурстарды жана кендерди пайдалангандыгы үчүн төлөмдөр жаратылышты коргоонун бирдиктүү фондуна төлөнүүгө жана арналышы боюнча гана чыгымдалууга тийиш. Баяндалгандарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С.Исабеков демилге кылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 21 июля 1992 года №239 "О местных и республиканском фондах охраны природы в Республике Кыргызстан"Указ · 21.07.1992 · № 239 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 19.10.2005 · № 155 · Күчүн жоготкон