# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-июнундагы №372 "«Кыргыз Республикасынын облустук жана райондук мамлекеттик администрацияларынын аппараттарынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-октябрындагы №472 токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-июнундагы № 372 буйругу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-июнундагы №372 "«Кыргыз Республикасынын облустук жана райондук мамлекеттик администрацияларынын аппараттарынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-октябрындагы №472 токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-июнундагы № 372 буйругу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 372
- Кабыл алынган күнү: 12.06.2009
- Редакциянын күнү: 14.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90042>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13684/edition/1277309/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90042.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-июнундагы №372 "«Кыргыз Республикасынын облустук жана райондук мамлекеттик администрацияларынын аппараттарынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-октябрындагы №472 токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-июнундагы № 372 буйругу" токтому (14.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90042

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 413 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 12-июну № 372 «Кыргыз Республикасынын облустук жана райондук мамлекеттик администрацияларынын аппараттарынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-октябрындагы №472 токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-июнундагы № 372 буйругу Гендердик теңдештикке жетишүү боюнча институттук механизмди өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Кыргыз Республикасынын облустук жана райондук мамлекеттик администрацияларынын аппараттарынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-октябрындагы № 472 токтомунун № 2 тиркемесине төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:

- төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:

«

Гендердик саясат боюнча сектор

2

»;

- «Бардыгы» деген позицияда «62» деген цифралар «64 деген цифраларга алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тиешелүү жылга бекитилген бюджеттин чегинде ушул токтомдун 1-пунктунан келип чыгуучу чыгымдарды каржыласын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И. Чудинов
