# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 365 "Кыргыз Республикасынын контролго алынуучу продукциясынын улуттук контролдоо тизмеси жөнүндө " токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 365 "Кыргыз Республикасынын контролго алынуучу продукциясынын улуттук контролдоо тизмеси жөнүндө " токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 365
- Кабыл алынган күнү: 05.06.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90036>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13679/edition/1265307/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90036.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 365 "Кыргыз Республикасынын контролго алынуучу продукциясынын улуттук контролдоо тизмеси жөнүндө " токтому (05.06.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90036

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2009-жылдын 5-июну № 365 Кыргыз Республикасынын контролго алынуучу продукциясынын улуттук контролдоо тизмеси жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Экспорттук контролдоо жөнүндө" Мыйзамынын 6-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын контролго алынуучу продукциясынын улуттук контролдоо тизмеси жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын контролго алынуучу продукциясынын улуттук контролдоо тизмеси Кыргыз Республикасынын Президентинин бекитүүсүнө киргизилсин.

Премьер-министри

И.Чудинов

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз Республикасынын контролго алынуучу продукциясынын улуттук контролдоо тизмесин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Экспорттук контролдоо жөнүндө" Мыйзамынын 6-беренесине ылайык жана экспорттук контролдоо жаатындагы нормативдик укуктук базаны андан ары өнүктүрүү үчүн токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын контролго алынуучу продукциясынын тиркелген улуттук контролдоо тизмеси бекитилсин.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
