# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы №362 ""Кыргыз Республикасынын Статистикалык бирдиктерин бирдиктүү мамлекеттик каттоонун мамлекеттик органдардын ведомстволук реестрлери менен өз ара аракети жөнүндө жобону жана Кызыгдар мамлекеттик органдардын ортосунда маалыматтык өз ара аракеттенүү тартибин бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-октябрындагы № 483 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы №362 ""Кыргыз Республикасынын Статистикалык бирдиктерин бирдиктүү мамлекеттик каттоонун мамлекеттик органдардын ведомстволук реестрлери менен өз ара аракети жөнүндө жобону жана Кызыгдар мамлекеттик органдардын ортосунда маалыматтык өз ара аракеттенүү тартибин бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-октябрындагы № 483 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 362
- Кабыл алынган күнү: 05.06.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90034>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13677/edition/1265297/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90034.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы №362 ""Кыргыз Республикасынын Статистикалык бирдиктерин бирдиктүү мамлекеттик каттоонун мамлекеттик органдардын ведомстволук реестрлери менен өз ара аракети жөнүндө жобону жана Кызыгдар мамлекеттик органдардын ортосунда маалыматтык өз ара аракеттенүү тартибин бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-октябрындагы № 483 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (05.06.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90034

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 5-июну № 362 "Кыргыз Республикасынын Статистикалык бирдиктерин бирдиктүү мамлекеттик каттоонун мамлекеттик органдардын ведомстволук реестрлери менен өз ара аракети жөнүндө жобону жана Кызыгдар мамлекеттик органдардын ортосунда маалыматтык өз ара аракеттенүү тартибин бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-октябрындагы № 483 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө Монополиялык ишти жана ак ниет эмес атаандаштыкты алдын алуу, чектөө жана бөгөт коюу, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана жарнак иши боюнча монополиянын табигый жана уруксат берилген субъекттеринин иш чөйрөлөрүндө мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Статистикалык бирдиктерин бирдиктүү мамлекеттик каттоонун мамлекеттик органдардын ведомстволук реестрлери менен өз ара аракети жөнүндө жобону жана Кызыгдар мамлекеттик органдардын ортосунда маалыматтык өз ара аракеттенүү тартибин бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-октябрындагы № 483 токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын статистикалык бирдиктерин бирдиктүү мамлекеттик каттоосунун мамлекеттик органдардын ведомстволук реестрлери менен өз ара аракети жөнүндө жободо:

1.1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик,";

3.1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы "т" пунктчасы менен толукталсын:

"т) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик:

- Монополиянын табигый жана уруксат берилген субъекттеринин мамлекеттик реестрин жүргүзөт;

- ушул Жобого ылайык жана ИУЖКнын негизинде кызыгдар мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча монополиянын табигый жана уруксат берилген субъекттеринин мамлекеттик реестрине киргизилген чарбакер субъекттер жөнүндө маалымат берет.";

- аталган токтом менен бекитилген Кызыгдар мамлекеттик органдардын ортосунда маалыматтык өз ара аракеттенүү тартибинде:

1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын: "

|  |  | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик | Чарбакер субъекттердин иштеринин көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматтар (өндүрүү, сатуу, кызмат көрсөтүү көлөмү) | Иштеп жаткан чарбакер субъекттердин маалыматтар базасынан маалыматтар |
| --- | --- | --- | --- | --- |

"; төмөнкүдөй мазмундагы 18-пункт менен толукталсын: "

| 18 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети | Мамлекеттик реестрлер | Жыл сайын жана өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгени- не жараша |
| --- | --- | --- | --- | --- |

".

2. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

И.Чудинов
