# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы №361 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы №361 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 361
- Кабыл алынган күнү: 05.06.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90033>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13676/edition/1265294/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90033.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы №361 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (25.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90033

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги N 236 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 5-июну № 361 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы №767 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин Бажы кызматын өнүктүрүү фонду тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 226 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин Бажы кызматын өнүктүрүү фонду тууралуу жобого төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- 6-пункттун "б" пунктчасына "ссуда берүүгө" деген сөздөрдөн кийин "жана "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пособие төлөөгө" деген сөздөр менен толукталсын.

2. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы №767 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)

3. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

И.Чудинов
