# КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2018-жылдын 18-октябрындагы ПЖ N 210 "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" ЖАРЛЫГЫ

- Толук аталышы: КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2018-жылдын 18-октябрындагы ПЖ N 210 "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" ЖАРЛЫГЫ
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 18.10.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/900317>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10466/edition/1171708/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/900317.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2018-жылдын 18-октябрындагы ПЖ N 210 "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" ЖАРЛЫГЫ (31.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/900317

---

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2018-жылдын 18-октябры ПЖ № 210 Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы жергиликтүү кеңеш тарабынан шайланбай калгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 6-бөлүгүн жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алып, ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сунушу кабыл алынсын жана Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңеши таркатылсын.

2. Жогоруда аталган жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо жекшембиге, 2018-жылдын 2-декабрына дайындалсын.

3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органына мөөнөтүнөн мурда шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык зарыл финансылык каражаттарды бөлсүн;

- мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин, коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.

5. Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмесин калыптандыруу, тактоо жана түзүү, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жана тийиштүү шайлоо комиссиясынын ишине көмөк көрсөтсүн.

6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын милдетин аткаруучу жогоруда аталган кеңештин документтеринин, материалдарынын, ошондой эле материалдык-техникалык баалуулуктарынын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.

7. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнө жүктөлсүн.

8. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Президент

С. Жээнбеков
