# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июнундагы №358 ""Москва шаарында 2008-жылдын 12-декабрында кол коюлган, Евразия экономикалык шериктештигине мүчө мамлекеттерде инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июнундагы №358 ""Москва шаарында 2008-жылдын 12-декабрында кол коюлган, Евразия экономикалык шериктештигине мүчө мамлекеттерде инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 358
- Кабыл алынган күнү: 05.06.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90030>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13674/edition/1265279/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90030.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июнундагы №358 ""Москва шаарында 2008-жылдын 12-декабрында кол коюлган, Евразия экономикалык шериктештигине мүчө мамлекеттерде инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому (05.06.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90030

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2009-жылдын 5-июну №358 "Москва шаарында 2008-жылдын 12-декабрында кол коюлган, Евразия экономикалык шериктештигине мүчө мамлекеттерде инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде, Москва шаарында 2008-жылдын 12-декабрында кол коюлган, Евразия экономикалык шериктештигине мүчө мамлекеттерде инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуунун 14-беренесине ылайык мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Москва шаарында 2008-жылдын 12-декабрында кол коюлган, Евразия экономикалык шериктештигине мүчө мамлекеттерде инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министри

И.Чудинов

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Москва шаарында 2008-жылдын 12-декабрында кол коюлган, Евразия экономикалык шериктештигине мүчө мамлекеттерде инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене. Москва шаарында 2008-жылдын 12-декабрында кол коюлган, Евразия экономикалык шериктештигине мүчө мамлекеттерде инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө депозитарий болуп эсептелген Евразия экономикалык шериктештигинин Интеграциялык комитетине билдирсин.

3-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартын күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
