# КР Президентинин 2018-жылдын 21-сентябрындагы ПЖ N 188 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-ноябрындагы "Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2018-жылдын 21-сентябрындагы ПЖ N 188 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-ноябрындагы "Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 188
- Кабыл алынган күнү: 21.09.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/900299>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10448/edition/899774/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/900299.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2018-жылдын 21-сентябрындагы ПЖ N 188 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-ноябрындагы "Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (08.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/900299

---

КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 228 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2018-жылдын 21-сентябры ПЖ № 188 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-ноябрындагы "Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин ишин мындан ары өркүндөтүү, өнүгүү тобокелдиктерине жана чакырыктарына оперативдүү чара көрүү, ошондой эле жарандык коомдун жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн башкаруучулук чечимдерди кабыл алууга тартуу, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнүн ар кандай багыттары боюнча мамлекеттик саясатты түзүү жана ишке ашыруу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-ноябрындагы № 251 "Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө жободо:

3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: "- Улуттук кеңештин кароосуна сунушталуучу Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелерин, долбоорлорду жана башка маселелерди кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимине ылайык жумушчу комитеттерди түзүүгө;".

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Президент

С. Жээнбеков
