# КР Президентинин 2018-жылдын 11-сентябрындагы ПЖ № 184 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы "Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2018-жылдын 11-сентябрындагы ПЖ № 184 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы "Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 11.09.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/900294>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10443/edition/898694/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/900294.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2018-жылдын 11-сентябрындагы ПЖ № 184 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы "Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (24.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/900294

---

КР Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 62 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2018-жылдын 11-сентябры ПЖ № 184 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы "Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы № 109 "Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун курамында:

курамдан Абдылдаева А.Н., Бакетаев А.К., Кененбаев А.М. чыгарылсын; Есеналиев Максатбек Кульчороевич - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары (макулдашуу боюнча); Баяманова Зуура Эдуардовна - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы (макулдашуу боюнча) киргизилсин; биринчи абзацтагы "Жетекчисинин биринчи орун басары" деген сөздөр "Жетекчиси" деген сөз менен алмаштырылсын.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Президент

С. Жээнбеков
