# КР Президентинин 2018-жылдын 28-июлундагы ПЖ № 154 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2018-жылдын 28-июлундагы ПЖ № 154 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/900270>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10419/edition/886957/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/900270.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2018-жылдын 28-июлундагы ПЖ № 154 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө" Жарлыгы (28.07.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/900270

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2018-жылдын 28-июлу ПЖ № 154 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө Бишкек шаардык сотунун, Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов райондук сотторунун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлер боюнча Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин сунуштарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Курактык чегине жеткенге чейин Досмамбетов Азизбек Анарбекович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы болуп дайындалсын.

2. Төмөнкүлөр биринчи ирет 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп дайындалсын:

Асаналиева Чынара Сейткадыровна; Бейшеева Зарема Асаналиевна; Исаева Айзада; Орозбакова Максат Асанкуловна; Садыкова Гульмира Сартовна; Сатыбалдиев Болотбек Топчубаевич.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Президент

С. Жээнбеков
