# КР Президентинин 2018-жылдын 19-июлундагы ПЖ № 152 "Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2018-жылдын 19-июлундагы ПЖ № 152 "Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 152
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.07.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/900265>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10414/edition/1202916/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/900265.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.07.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2018-жылдын 19-июлундагы ПЖ № 152 "Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы (19.07.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/900265

---

КР Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы ПЖ №408 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2018-жылдын 19-июлу ПЖ № 152 Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарындагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 26-декабрындагы № 268 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-ноябрындагы "Кыргыз Республикасын экономикалык туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- курамдан С.Дж.Исаков, Р.А.Казакбаев, И.Ы.Джолдубаева, А.Э.Новиков чыгарылсын;

- курамга Абылгазиев Мухаммедкалый Дүйшекеевич - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Турускулов Жыргалбек Куручбекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Республика - Ата-Журт" фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча), Джамшитов Өткүрбек Асилбекович - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, Панкратов Олег Михайлович - Кыргыз Республикасынын экономика министри; Добрецова Надежда Николаевна - Өнүгүү саясаты институтунун башкармасынын төрагасы киргизилсин.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Президент

С. Жээнбеков
