# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-декабрындагы № 658 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоону киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-декабрындагы № 658 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоону киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 658
- Кабыл алынган күнү: 05.12.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.09.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90026>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13670/edition/1265268/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90026.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.09.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-декабрындагы № 658 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоону киргизүү жөнүндө" токтому (02.09.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90026

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 446 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 5-декабры № 658 «Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоону киргизүү жөнүндө Ченөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, терминологияны конкреттештирүү, ченөө каражаттарын текшерүүнүн мөөнөттөрүн жана мезгилдүүлүгүн тартипке салуу максаттарында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасында ченөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:

9-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «9. Окутуу максаттарында гана колдонулуучу ченөө каражаттары текшерилүүгө жатпайт, аларга «У» белгиси коюлууга тийиш. Алардын эксплуатациялык документтеринде тиешелүү белги көрсөтүлөт.»; төмөнкү мазмундагы 9-1- пункт менен толукталсын: «9-1. Сыноочу жана калибрлөөчү лабораторияларда колдонулуучу калибрленген ченөө каражаттары текшерилүүгө жатпайт.»;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген ишеним эн тамгаларын даярдоо, колдонуу жана сактоо тартиби жөнүндө жободо:

2-тиркемеде: «Эн тамганын оттиски түшүрүлүүчү ченөө каражаттары» графасынын 6-сабындагы «5 класстагы гирялар» деген цифра жана сөздөр «М2 жана М3 класстарындагы гирялар» деген сөздөргө жана белгилерге алмаштырылсын; 7-сап төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «

Бир жылдык, тегерек, болоттон: диаметри 3,5 мм

Май сыноочу, орточо класстагы лабораториялык таразалар, чай үчүн жүк кабыл алуучу түзүлүштөр, тегеренме торсиондук таразалар, 10дон 200 мг чейин массадагы М1 классындагы гирялар. 3-класстагы жана III разряддагы гиряларды бекемдөөчү тыгындар, IV разряддагы гирялар, квадранттар, жумушчу пуркалар. 10дон 100 мг чейин М1 классындагы гирялар

»;

- жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемеси ушул токтомго карата тиркемеге ылайык редакцияда берилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-декабрындагы № 658 токтомуна тиркеме

3-тиркеме

Текшерүүгө жаткан ченөө каражаттарынын тизмеси жана текшерүүнүн мезгилдүүлүгү

№

Ченөө каражаттарынын аталышы

Текшерүүнүн мөөнөтү

Эскертүү

Заттардын келишин, чыгышын, деңгээлин, көлөмүн өлчөө

1

Вино жана виноматериалдар, сүт үчүн автоцистерналар

1ж. бир жолу

2

Мунай өнүмдөрү үчүн автоцистерналар

1ж. бир жолу

3

Отун жана май таркатуучу колонкалар

6 айда бир жолу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.02.1998-жылдын № 87 “Кыргыз Республикасында күйүүчү майлоочу материалдарды эсепке алуу, кабыл алуу, сактоо жана сатуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык

4

Мунай, мунай өнүмдөрү үчүн эсептегичтер

1ж. бир жолу

5

Мунай өнүмдөрү үчүн резервуарлар

5ж. бир жолу

6

Суюктукту жана газды текшерүүчү түзүлүштөр

1ж. бир жолу

7

Ротаметрлер

1ж. бир жолу

8

Өлчөмдөр: пипетка

1ж. бир жолу

поршень

1ж. бир жолу

9

Сүт өлчөгүчтөр

1ж. бир жолу

10

Суусундуктарды өлчөөчү (айнек) чендер

Өндүрүштөн чыкканда

11

Суюк азыктардын дозаторлору, ошондой эле соода автоматтары

6 айда бир жолу

12

Эсептегичтер: спирт жана башка өнөр жай суюктуктары жана азыктар үчүн

1ж. бир жолу

13

Аспираторлор

1ж. бир жолу

14

Деңгээлдин автоматикалык сигнализаторлору

1ж. бир жолу

15

(металл) суюктукту өлчөөчү чендер

1ж. бир жолу

16

Батымдуулук чендери (айнек)

Өндүрүштөн чыкканда

17

Көчүрмө чендер

1ж. бир жолу

18

1чи, 2чи класстагы техникалык чендер (стационардык)

2ж. бир жолу

19

Өнөр жай суу эсептегичтери

1ж. бир жолу

20

Турмуш - тиричиликтик суу эсептегичтери

Паспорттогу маалыматка ылайык

21

Өнөр жай жылуулук эсептегичтери

1ж. бир жолу

22

Турмуш - тиричиликтик жылуулук эсептегичтери

Паспорттогу маалыматка ылайык

23

Өнөр жай газ эсептегичтери

1ж. бир жолу

24

Турмуш - тиричиликтик газ эсептегичтери

Паспорттогу маалыматка ылайык

25

Жука капталдуу суу агызгычтар:

- тартылган каналда суунун агымы – жай, Фруддун саны 0,60 аз, агын суулар каптабаган, жогорку бьефте соркыскычтар чогулбаган, суу эсептегич курулмалар каналда курулган:

бетон менен беттелген; сай менен

5ж. бир жолу, 3ж. бир жолу

- тартылган каналда суунун агымы – жай, Фруддун саны 0,60 аз, агын суулар каптабаган, бирок төмөнкү бьефте шартка жараша (каптап кеткен, чөп басып кеткен), кийин алар суунун алдында калышы мүмкүн, жогорку бьефте соркыскычтар чогулбаган, суу эсептегич курулмалар каналда курулган:

бетон менен беттелген; сай менен

3ж. бир жолу, 2ж. бир жолу

26

Түп босоголуу суу агызгычтар:

- тартылган каналда суунун агымы – жай, Фруддун

саны 0,60 аз, капталуулар аз же тегиз 0,75, жогорку бьефте соркыскычтар чогулбаган, суу эсептегич курулмалар каналда курулган: бетон менен беттелген; сай менен

4ж. бир жолу, 3ж. бир жолу

- тартылган каналда суунун агымы – жай, Фруддун

саны 0,60 аз, капталуулар аз же тегиз 0,75, бирок төмөнкү бьефте шартка жараша (суу каптап кеткен, чөп басып кеткен), кийин алар 0,75 жогору болушу мүмкүн, жогорку бьефте соркыскычтар чогулбаган, суу эсептегич курулмалар каналда курулган: бетон менен беттелген; сай менен

3ж. бир жолу, 2ж. бир жолу

27

Чыгым ченегич ноолор:

- тартылган каналда суунун агымы – жай, Фруддун саны 0,60 аз, каптоолор аз же 0,75 тең, жогорку бьефте соркыскычтар чогулбаган, суу эсептегич курулмалар каналда курулган:

бетон менен беттелген; сай менен

3ж. бир жолу, 2ж. бир жолу

28

Атайы түзүлүштөр менен курулган чыгым эсептегичтер

- жогорку бьефте тартылган суунун агымы – жай, аккан суу сапты каптаган, курулмалардын чегинде ири фракцияларда соркыскычтар чогулбаган

3ж. бир жолу

29

«Фиксированное русло» тибиндеги чыгым эсептегичтер:

- тартылган каналда суунун агымы – тегиз, курулмалар чегинде соркыскычтар чогулбаган, төмөнкү бьефтен тирөөч жок, суу эсептегич курулмалар каналда курулган:

бетон менен беттелген; сай менен

5ж. бир жолу, 3ж. бир жолу

- тартылган каналда суунун агымы – тегиз, курулмалар чегинде соркыскычтар чогулбаган, төмөнкү бьефтен тирөөч жок, бирок бурулган каналдын шартына жараша(суу каптап кеткен, чөп басып кеткен)

эсептегич курулмалар каналда курулган: бетон менен беттелген; сай менен

3ж. бир жолу, 2ж. бир жолу

30

Кол ж/а табак анемометрлер (бардык типтер)

1ж. бир жолу

31

Индукциялык анемометрлер (бардык типтер)

1ж. бир жолу

32

Канатчалуу анемометрлер (бардык типтер)

1ж. бир жолу

33

Метроштоктор

1ж. бир жолу

34

Лот менен тасма (рулетка)

1ж. бир жолу

35

Узундуктун майда сызыктуу ж/а тоголок чендери

1ж. бир жолу

36

Шахты интерферометрлери

6 айда бир жолу

37

Деңгээл чендер

1ж. бир жолу

38

Тери ченөөчү машинелер (теринин аянтына калып ж/а үлгү түшүрүүчү машинелер)

1ж. бир жолу

39

Тери ченөөчү калыптар

1ж. бир жолу

40

Кездеменин узундугун ченөөчү машинелер ж/а үстөлдөр

1ж. бир жолу

41

Контролдук элек

1ж. бир жолу

42

Контролдук жол калыптар

1ж. бир жолу

43

Теодолиттер

1ж. бир жолу

44

Авто ж/а темир – жол кыймылдарын текшерүүгө колдонулуучу уруксат берүүчү каражаттар

1ж. бир жолу

45

Камералуу ж/а камерасыз диафрагмалар

1ж. бир жолу

Механикалык чоңдуктарды өлчөө

46

Клейковинанын өзгөрүшүн өлчөгүч

1ж. бир жолу

47

Маятниктүү копрлар

1ж. бир жолу

48

Салмак өлчөөчү приборлор, түзүлүштөр

1ж. бир жолу

49

Гирялар

1ж. бир жолу

Сыноо лабораторияларында колдонулгандардан башкасы

50

Бардык типтеги динамометрлер

1ж. бир жолу

51

Динамометрлик ачкычтар

1ж. бир жолу

52

Сыноочу машинелер

1ж. бир жолу

53

Гидравликалык пресстер

1ж. бир жолу

54

Бардык типтеги катуулуктун приборлору

1ж. бир жолу

55

Пуркалар

1ж. бир жолу

56

Секундомерлер

1ж. бир жолу

57

Саат, механикалык, электр, цифралык тахометрлер (бардык типтер)

1ж. бир жолу

58

Бардык типтеги спидометрлер ж/а тахографтар

2ж. бир жолу

59

Шахты көтөргүчтөрдүн ж/а локомотивдердин ылдамдыгын ченегичтер

1ж. бир жолу

60

Таксометрлер

1ж. бир жолу

Вакуумду, басымды өлчөө

61

Суюктуктар, буу жана газ үчүн чыгым ченегичтер жана дифманометрлер (а.и. экинчи приборлор)

Өлчөө каражаттарын текшерүү убагына

62

Шахтанын компрессометрлери ж/а тягомерлери (оордук чендер)

2ж. бир жолу

63

Өзү жазуучу ж/а аралыкты көрсөтүүчү манометрлер (бардык типте)

1ж. бир жолу

64

Сфигманометрлер, тонометрлер

1ж. бир жолу

65

Бардык типтеги жүк поршендүү манометрлер жана мановакуумметрлер

2ж. бир жолу

66

Микроманометрлер

2ж. бир жолу

67

Эңкейиш түтүктүү микроманометрлер

1ж. бир жолу

68

Өзгөрүлмө манометрлер, вакуумметрлер ж/а мановакуумметрлер

1ж. бир жолу

69

Суюктук манометрлери, вакуумметрлер ж/а мановакуумметрлер

2ж. бир жолу

70

Абсолюттук төмөнкү басымдагы манометрлер

1ж. бир жолу

71

«Сапфир», «Метран», ИПДЦ тибиндеги басым өзгөртүүчүлөр

1ж. бир жолу

72

Текшерүү үчүн алып жүрүүчү приборлор дифманометрлер - чыгым ченегичтер

1ж. бир жолу

73

Барометр-анероид

1ж. бир жолу

Заттардын физикалык- химиялык курамын жана касиеттерин өлчөө

74

Металл спирт ченегичтер

1ж. бир жолу

75

Мунай өнүмдөрүнүн күйүүсүнүн температурасын аныктоо үчүн прибор

2ж. бир жолу

76

рН-метрлердин толук жыйнагы (бардык типте)

1ж. бир жолу

77

рН-метрлерге, нитратомерлерге, ж/а анализаторлорго электроддор

1ж. бир жолу

78

Тыгыздык ченегичтер

1ж. бир жолу

79

Май ченегичтер

Өндүрүштөн чыкканда

80

Вольтамперометрдик полярографтар ж/а анализаторлор

1ж. бир жолу

81

Кондуктометрлер

1ж. бир жолу

82

ГАИ, Инфралит, ГИАМ ж.у.с. автомобилдер иштеп чыккан газды текшерүүчү талдагычтар

6 айда бир жолу

83

АН-7529, ГОУ тибиндеги лабораториялык анализаторлор

1ж. бир жолу

84

Күйүүчү майлар, жарылуучу газ, буу, сигнализаторлор ж/а газоанализаторлор, сыртка чыгуучу абадагы этанолдун бууларынын концентрациясы

6 айда бир жолу

85

УГ-2 тибиндеги газоанализаторго проба чогултуучу түзүлүштөр

2ж. бир жолу

86

ЭТХ-1 тибиндеги термохимиялык (алып жүрмө) Эксплозиметрлер

6 айда бир жолу

87

Түтүн өлчөгүчтөр

1ж. бир жолу

88

Абада чаңдын концентрациясын ченегичтер

1ж. бир жолу

89

Электрохимикалык сенсорлуу токсикалык газдын, сигнализаторлору ж/а газоанализаторлору

3 айда бир жолу

90

Психрометрлер

1ж. бир жолу

91

Хроматографтар

1ж. бир жолу

92

Бардык типтеги материалдардын ж/а каражаттардын нымдуулугун ченегичтер

1ж. бир жолу

93

Бардык типтеги иономерлер

1ж. бир жолу

94

Бардык типтеги ареометрлер

1ж. бир жолу

95

Жабышкактын шарттуулугунун вискозиметрлери

1ж. бир жолу

96

Капиллярдуу вискозиметрлер

2ж. бир жолу

97

Материалдын ж/а заттын касиетин ж/а курамын текшерүүчү анализаторлор

1ж. бир жолу

98

(ВИТ-1, ВИТ-2 типтеги) психрометрикалык гигрометрлер

2ж. бир жолу

99

Биохимиялык анализаторлор

1ж. бир жолу

100

Коагулометрлер

1ж. бир жолу

101

Иммуноферменттик анализаторлор

1ж. бир жолу

102

Гематологиялык анализаторлор

1ж. бир жолу

103

Медициналык багыттагы глюкометрлер

1ж. бир жолу

104

Кондуктометрлик анализаторлор

1ж. бир жолу

Жылуулук-физикалык жана температуралык өлчөө

105

Температуралык лампалар

1ж. бир жолу

106

Термоэлектрдик температураны өзгөрткүчтөр, термобуулар, каршылык термометрлери

1ж. бир жолу

107

Газ калориметрлери

6 айда бир жолу

108

Суюк жана катуу отун үчүн күйгүзүү калориметрлер

1ж. бир жолу

109

Медициналык термометрлер

өндүрүштөн чыкканда

110

Метастатикадан башка лабораториялык айнек термометрлер

2ж. бир жолу

Сыноо лабораторияларында колдонулгандардан башкасы

111

Метастатикалык термометрлер

2ж. бир жолу

112

Айнек суюктук термометрлери

2ж. бир жолу

Сыноо лабораторияларында колдонулгандардан башкасы

113

Бардык типтеги термометрлер (суюктуктан башка), термоэлектрдик өзгөрткүчтөр, о.э. экинчи жолу колдонулган приборлор

1ж. бир жолу

114

УВПТ, УТТ түзүлүштөр

1ж. бир жолу

115

Оптикалык пирометрлер

1ж. бир жолу

116

Радиациялык пирометрлер

1ж. бир жолу

Электр жана магниттик чоңдуктарды туруктуу жана өзгөрүү токторунда өлчөө

117

Электрэнергияны индукциялык үч баскычтуу эсептегичтер

4ж. бир жолу

118

Электрэнергияны индукциялык бир баскычтуу эсептегичтер

8ж. бир жолу

119

0,2 жана 02S; 0,5 жана 0,5S тактык классындагы электр энергиясынын электрондук, микропроцессордук программаланган эсептегичтер

Чыгаруучу-завод берген паспорттогу маалыматка ылайык

120

а) 1000 В чейинки токтун күчү ж/а чыңалуу трансформаторлор

Электр энергиясынын бир фазалуу жана үч фазалуу эсептегичтерин мөөнөтүнө ылайык текшерүү

б) 1000 В жогору токтун күчү ж/а чыңалуу трансформаторлору

Өндүрүүдөн чыгаруу учурунда жана оңдоодон кийин

121

Электрдин обочо бекемдигин, жердетүү жана каршылык өлчөм обочосун сыноо үчүн приборлор

1ж. бир жолу

122

Туруктуу ж/а алмашма талаанын магниттик индукциясын өлчөөлөр

1ж. бир жолу

123

Электр өткөргүчтүктү ж/а бурчтун жоготуу тангенсин өлчөөчү чен

1ж. бир жолу

124

ФI-2, ФI-4 тибиндеги ж.б.у.с. баскыч калибраторлор

1ж. бир жолу

125

Туруктуу жана туруктуу-алмашма тогунун вольтметрлери

1ж. бир жолу

1,5 жана андан төмөн тактык классындагы такта приборлорунан бөлөк

126

Амперметрлер

1ж. бир жолу

1,5 жана андан төмөн тактык классындагы такта приборлорунан бөлөк

127

Туруктуу жана туруктуу-алмашма тогунун амперметрлери

1ж. бир жолу

1,5 жана андан төмөн тактык классындагы такта приборлорунан бөлөк

128

Туруктуу жана туруктуу-алмашма тогунун ваттметрлери

1ж. бир жолу

1,5 жана андан төмөн тактык классындагы такта приборлорунан бөлөк

129

Киловольтметрлер

1ж. бир жолу

1,5 жана андан төмөн тактык классындагы такта приборлорунан бөлөк

130

Фазометрлер

1ж. бир жолу

131

Каршылык магазиндери

1ж. бир жолу

132

Идиштин жана ченегичтин магазиндери

1ж. бир жолу

133

Чыңалуунун жана токтун эталондук өлчөө трансформаторлору

8ж. бир жолу

134

Эталондук электрэнергияны эсептегичтер

2ж. бир жолу

Радиотехникалык жана радиоэлектрондук өлчөө

135

Электр талаа күчүн өлчөөчү приборлор

1ж. бир жолу

136

Энергиянын үзгүлтүксүз тыгыздыгын өлчөөлөр

1ж. бир жолу

137

Кубаттуулукту ченегич ж/а ченөөчү бөрктөр

1ж. бир жолу

138

Бошоңдукту өлчөөчү түзүлүштөр

1ж. бир жолу

139

Аттенюаторлор

1ж. бир жолу

140

Вольтметрлер

1ж. бир жолу

1,5 жана андан төмөн тактык классындагы такта приборлорунан бөлөк

141

Электр толкундарынын өзгөртүүсүн өлчөгүчтөр (амплитуда ж/а жыштык)

1ж. бир жолу

142

Импульстук генераторлорду өлчөө үчүн түзүлүштөр

1ж. бир жолу

143

Өлчөөчү тоскоолдуктар үчүн түзүлүштөр

1ж. бир жолу

144

Талаа күчүн өлчөө үчүн түзүлүштөр

1ж. бир жолу

145

Агын сууларды өлчөө үчүн ж.б. өлчөө сызыктарды текшерүүчү чендер ж/а приборлор

1ж. бир жолу

146

Сапаттуулукту текшерүүчү чендер

1ж. бир жолу

147

Жогорку, эң жогорку жыштыктар, үндүү генератор, вольтметрлер ж.б. жогорку жыштыктагы өлчөөлөрдү текшерүүчү приборлор ж/а чендер

1ж. бир жолу

148

Электр теңдештик талаалардын деңгээл чендери

1ж. бир жолу

149

ВИЗИР жана ушуга окшогон типтеги видеого тарткычы менен транспорт каражатынын ылдамдыгын ченөөчүлөр

1ж. бир жолу

Убакытты жана жыштыкты өлчөө

150

ЧI-50, ЧI-69, СЧВ-74 тибиндеги ж.б.у.с. жыштык чендер

1ж. бир жолу

151

Ч4-13 типтеги ж.б.у.с. убакыт ж/а жыштыктын эталондуу сигналын кабыл алуучулар

1ж. бир жолу

152

Ч3-64, Ч3-65, Ч3-66, Ч3-70 типтеги ж.б.у.с. жыштыктын кайта куруулары, синтезаторлору, бөлүү ж/а көбөйтүү синхрометрлери

1ж. бир жолу

153

Механикалык ж/а электр секундомерлер, хронометрлер, хроноскоптор ж/а убакыттын аралыгын ченөөчү приборлор ж/а түзүлүштөр

1ж. бир жолу

154

АУПМЧ, АКПЧ-1 типтеги жыштык өлчөөчү түзүлүштөр ж.б.

1ж. бир жолу

155

Туташуу узактыгын өлчөө системасы

1ж. бир жолу

Оптикалык жана оптика-физикалык өлчөө

156

Диоптриметрлер

1ж. бир жолу

157

Поляриметрлер

1ж. бир жолу

158

Рефрактометрлер

1ж. бир жолу

159

Сүрөт электрдик колориметрлер

1ж. бир жолу

160

Спектрофотометрлер

1ж. бир жолу

161

Тажрыйбалык суюктук ж/ газ үчүн интерферометрлер

6 айда бир жолу

162

Көз айнектердин сынак тобу

Өндүрүштөн чыкканда

163

Люксметрлер

1ж. бир жолу

164

Кант ченегичтер

1ж. бир жолу

165

Нефелометрлер

1ж. бир жолу

Виброакустикалык өлчөө

166

Ызы-чуу өлчөгүчтөр

1ж. бир жолу

167

Өлчөөчү микрофондор

1ж. бир жолу

168

Октава, третьеоктава, ичке чиймелүү электр чыпкалар

1ж. бир жолу

169

Акустикалык калибраторлор

1ж. бир жолу

170

Кайта куруучу виброметр ж/а вибро өлчөгүчтөр

1ж. бир жолу

Иондордун жана ядролук константтардын мүнөздөмөлөрүн өлчөө

171

Ион таратуучу нурлардын дозиметрлери

1ж. бир жолу

172

Жеке дозиметрлер

1ж. бир жолу

173

Ион таратуучу нурларды өлчөөчү универсалдык приборлор

1ж. бир жолу

174

Рентгенометрлер

1ж. бир жолу

175

Радиометрлер

1ж. бир жолу

176

Лазерлик дозиметрлер

1ж. бир жолу

177

Селектикасыз радиометрлер

1ж. бир жолу

Медициналык багыттагы өлчөө каражаттары

178

Кардиографтар

1ж. бир жолу

179

ЖЖУ

1ж. бир жолу

180

Электрофорез

1ж. бир жолу

181

Төмөн жыштыктагы терапевтикалык аппараттар

1ж. бир жолу

Бузбаган контроль үчүн өлчөө каражаттары

182

Ультраүндүү калыңдыкты ченегич ж/а кемтик аныктагыч

1ж. бир жолу

183

Дефектоскоптордун бардык түрлөрү

1ж. бир жолу
