# КР Президентинин 2018-жылдын 27-июнундагы ПЖ № 143 "Кыргыз Республикасынын Укук аркылуу демократия үчүн Европалык комиссиядагы өкүлдөрү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2018-жылдын 27-июнундагы ПЖ № 143 "Кыргыз Республикасынын Укук аркылуу демократия үчүн Европалык комиссиядагы өкүлдөрү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/900257>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10406/edition/1111099/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/900257.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2018-жылдын 27-июнундагы ПЖ № 143 "Кыргыз Республикасынын Укук аркылуу демократия үчүн Европалык комиссиядагы өкүлдөрү жөнүндө" Жарлыгы (08.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/900257

---

КР Президентинин 2021-жылдын 8-декабрындагы ПЖ № 551 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2018-жылдын 27-июну ПЖ № 143 Кыргыз Республикасынын Укук аркылуу демократия үчүн Европалык комиссиядагы өкүлдөрү жөнүндө Укук аркылуу демократия үчүн Европалык комиссиядагы (Венеция комиссиясы) Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнүн жогоруда аталган комиссиянын Уставынын 2-беренесинде белгиленген ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 60, 64, 65-беренелерин жетекчиликке алып ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр дайындалсын:

- Кыргыз Республикасынан Венеция комиссиясындагы мүчөлүгүнө - Керезбеков Канат Керезбекович, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

- Кыргыз Республикасынан Венеция комиссиясындагы мүчөсүнүн орун басарлыгына - Мамыров Эркинбек Тобокелович, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 19-июлундагы № 139 "Кыргыз Республикасынын Укук аркылуу демократия үчүн Европалык комиссиядагы өкүлдөрү жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 7-мартындагы № 45 "Кыргыз Республикасынын Венеция комиссиясындагы мүчөсүнүн орун басары жөнүндө" Жарлыгы.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

4. Бул Жарлык 2018-жылдын 22-июлунан тартып күчүнө кирет.

Президент

С.Жээнбеков
