# КР Президентинин 2018-жылдын 30-мартындагы ПЖ № 64 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2018-жылдын 30-мартындагы ПЖ № 64 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 30.03.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.05.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/900240>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10390/edition/872398/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/900240.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2018-жылдын 30-мартындагы ПЖ № 64 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жарлыгы (17.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/900240

---

КР Президентинин 2021-жылдын 17-майындагы ПЖ № 186 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2018-жылдын 30-марты ПЖ № 64 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы № 111 "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын штаттык санынын чеги 266 бирдик;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ведомстволук мекемелеринин штаттык санынын чеги 1585,5 бирдик.";

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө жободо:

19-пунктта: 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3) Иш башкармасы жөнүндө жобону, Иш башкармасынын жана анын ведомстволук мекемелеринин штаттык санынын чегин Кыргыз Республикасынын Президентине бекитүүгө берет;"; 12-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "12) ведомстволук уюмдардын, анын ичинде ведомстволук мекемелердин алар үчүн белгиленген штаттык сандын чегинде уставдарын, жоболорун, түзүмүн, штаттык расписаниесин жана штаттык санын бекитет;".

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С. Жээнбеков
